Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:30

Дүйнөлүк баалуу кагаздар базарында өсүш байкалды


Дүйшөмбү күнү АКШнын негизги үч биржалык индекстери 11 пайызга өстү. Ушундай эле көрсөткүч Германия жана Франциянын биржаларында дагы байкалууда. Британияда акциялардын баасы 8 пайызга көтөрүлсө, Нью-Йорктун базарларында мунайдын баасы жогорулады. Байкоочулар муну Европа өлкөлөрүнүн өкмөттөрү дүйнөлүк каржы кризисин жөнгө салуу боюнча планын жарыялашы менен байланыштырышууда. Германия, Франция, Испания баштаган европалык өкмөттөр финансы институттарын колдоого жүз миллиарддаган доллар акча сарптоо планын жактырышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG