Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

БАКИЕВДЕН КЕТЕ БАШТАШТЫБЫ?


“Ачык саясат” гезити “...президент атка мингизгендердин биринен сала бири кетиши жакышылыктын жышааны эместигин, акыркы айларда эле бийликтен Адахан Мадумаров, Бектур Асанов, Марат Кайыпов, Клара Кабилова кетирилгенин, жакын арада мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу менен мамкеңешчи Үсөн Сыдыков отставка берет деген имиштер чыга баштаганын, “Акыйкат үчүн” кыймылына бириккен оппозициялык күчтөрдүн катарына кирген “Ата Мекен”, “Ак шумкар”, “Асаба”,”Жашылдар”,”Улуу биримдик”, СДПК партиялары менен А. Муралиев жетектеген “Бирдиктүү Кыргызстан” партиясы алака түзүп аткандыгын, алтургай , Ү.Сыдыков менен И. Исаков жетектеген “Жаңы Кыргызстан” партиясы булар менен кызматташуу үчүн тымызын сүйлөшүүлөрдү баштады, ошентип оппозиция күчтөнүп жаткан убагы деп маалымдады. Ушул эле гезит “Абактан кат” деген рубрика алдында И. Кадырбековдун И. Болжуровага, И. Гаипкуловго, К. Бакиевге, И. Чудиновго жазган кайрылуу катын жарыялады. Катта “Мамлекеттин жалган маалымат, ушак жана жалаалар коштолуп башкарылышы өлкөнү туңгуюкка алып барарын биз баштан кечиргенбиз, жер титирөөнүн очогу болгон Нура айылына Мамлекеттик курулуш агенттигинин алдындагы турак-жай жана жарандык курулуш башкармалыгы 240 окуучуга 1 мектеп салган. Мектеп 8 баллдык жер титирөөгө туруштук берип, ичиндеги адамдардын баары аман-эсен калышкандыгынын өзү мага карата ачылган кылмыш ишине жооп деп эсептеймин” деп аяктаган.

“Аалам” гезити “Ата Мекен” партиясынын башчысы Ө. Текебаев менен интервью жарыялады. Текебаев анысында, кечээ эле Бакиевдин командасында жүрүп, бүгүн андан кетип аткандар тууралуу сөз кылып, Ү. Сыдыков, И. Исаков президент Бакиевди кызматка алып келгендердин акыркысы экендигин, алар жөн гана кетпестен “Бакиевдин саясаты туура эмес, элдин кызыкчылыгына жооп бербейт” деп кетип жатышканын, муну президенттин командасынын ичиндеги кландык чабыш катары мүнөздөсө болорун, бир ирет Ү. Сыдыков ага кайрылып: “Өмүрбек бир короодо жашайбыз, (резиденциядагы жашаган кезин айтып жатат) сен үкалык кылып президентти үйүңө чакыр, эгер козуң жок болсо козуну мен берейин, ынтымакта иштейлик” деп үч жолу туугандарча иштешүүгө аракет кылганын, эгер ушинтип ака-үка болуп, алың-алың, өтүң-өтүң деген принципке өтсөк анда Кыргызстандын кызыкчылыгы унутуларын, Текебаев баштаган партиянын кызыкчылыгы Бакиевдикинен ушунусу менен айырмаланарын айтып интервью берди.

“Биз алтургай өзүбүздү өзүбүз сактап калуу амалын жасаганга жарабай калдык. Өлкөбүздүн кантип урап баратканын кайдыгерлик менен карап турабыз. Ачарчылык, жакырчылык, айбанчылык менен кылмыштуулук күчөп, коррупционерлер менен каракчылар каныбызды чак түштө кактап жатканын унчукпай карап турабыз” деп макаласын баштаган “Белый парус” гезити Кыргызстандын мамлекет катары жашоосу оордогондон оордоп бараткандыгын, ХХI кылымда жашап жатып өлкөнүн борбору жарыксыз караңгылык менен таштандынын жайына айланганын, өнөр жайды жок кылган башкаруучулар айыл чарбасын талкалап тим болбостон бекер медицина менен бекер билим берүүнү да жок кылышканын, кенедей билими жок ууру-кескилер кутуруп, билими бар профессорлор таштанды челекти чукуп калганын, күндүзү ушуларды көрүп, түнкүсүн жарыксыз олтурганына карабастан баарына кайдыгер болуп, бийлик башындагылардын “өсүп атабыз” деп сайраган телевизорун унчукпай көрүп олтурабыз. Деги биз эмне деген эл болдук?” деп кеп кылды.
XS
SM
MD
LG