Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:10

10:58 Клара Кабилованын видеокайрылуусуна байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергөө улантылууда


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Учкун Каримов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, тергөөчүлөр бул иш боюнча 26-сентябрда Клара Кабилованын видеокайрылуусун жарыялоого катышкан Жогорку Кеңештин депутаттарын көрсөтмө берүүгө чакырууда. Биз аларды депутат катары эмес, катардагы атуул катары тергөөчүлөргө көрсөтмө берүүнү өтүнүп жатабыз, деди Учкун Каримов. К.Кабилованын видеокайрылуусу жарыяланган маалымат жыйынына социал-демократиялык фракциянын депутаттары катышкан. Учкун Каримовдун маалымдоосуна караганда, ушул кезге чейин Клара Кабилова менен байланыш түзүлө элек. Ошондуктан аны суракка алуу мүмкүн эмес болуп жатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG