Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:47

ЕВРОБИРИМДИК БЕЛАРУСКА КОЛ СУНДУ


Европа Биримдиги Белорусту камоого алууну коюп, ырасмий Минск менен саясый жакындашууга аяк таштады же президент Александр Лукашенка башындагы мартабалуу белорус аткаминерлеринин Биримдикке мүчө өлкөлөргө кирүүсүнө тыйуу салган чечимди убактылуу токтотту. Бул чечим уюмдун тышкы иштер министрлеринин Люксембурда 13-октбярда өткөн жыйында кабыл алынды. Жыйынга Белорустун тышкы иштер министри Сергей Мартынов акыркы төрт жылда биринчи жолу чакырылды.

Александр Лукашенка башындагы даражалуу Белорус чиновниктеринин Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө кирүүсүнө 2006-жылы тыйуу салынган. Брюссель мындай чарага Лукашенка үчүнчү мөөнөткө президент болуп шайлангандан кийин барган. Буга катар алардын Батыш банктарындагы эсептери камакка алынып, айрым белорус ишканаларына каршы экономикалык санкциялар да киргизилген. Евробиримдик жана АКШ бул кадамга Белорус оппозициясынын лидерлери камакка алынып, эркин басма сөз куугунтукталып, президенттик шайлоо учурундагы орой мыйзам бузууларга жол коюлгандан кийин барган.

Биримдиктин визалык чектөөлөрдү алты айга алып салуусуна Белорус оппозициясынын ана башылары Александр Милинкевич менен Александр Козулинге эркиндиктин берилиши негиз болгонун Швециянын тышкы иштер министри Карл Бильдт тастыктады:

-Алар айырым иштерди жасашты жана бардык саясый туткундарды бошотту.

Бирок Белорус БШКсынын төарайымы Лидия Еромошина башындагы беш чиновник Биримдикке мүчө өлкөлөргө азырынча бара алышпайт.

Евробиримдиктин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро-Вальднер жыйын алдында уюмда Белорус менен кызматташууга ыкласы бар экенин билдирди. 8-октябрда Франциянын Европа иштери боюнча министри Жан Пьер Жойе Биримдик геосаясый жүйөдөн улам Белорус менен тыкыс кызматташууга барганы жатканына көңүл бурган. Же Ферреро-Вальднер мойнуна алгандай, Россиянын августта Грузияга басып кирүүсү Брюсселди Белорусту камоого алуу саясатын токтотууга түрткөн. Бирок Евробиримдик өз баалуулуктарын эстен чыгарбайт, деп кошумчалады Ферреро-Вальднер айым:

-Учурда биз татаал чындыкка бет келдик. Биз Белоруста 28-сентябрда болгон парламенттик шайлоого канааттанган жокпуз. Себеби, шайлоо эл аралык стандартка ылайык жана биз күткөндөй өткөн жок.

Евробримдиктин Тышкы иштер министрлери дүйшөмбү күнкү кездешүүсүндө Россия Грузиядагы ок атууларды токтотуу боюнча уюмдун арачылыгы менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтүн аткарып-аткарбаганын так айткан жок. Мындай баа уюмдун апта аягында өтчү жыйынында берилсин, деп табышты министрлер.

XS
SM
MD
LG