Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:04

13:27 Президент жети өлкөнүн элчилеринен ишеним грамотасын алды


Бүгүн кыргыз президенти Курманбек Бакиевге Финляндиянын элчиси Тимо Лахелма, АКШнын элчиси Татиана Гфеллер, Аргентина элчиси Леопольдо Альфредо Браво, Малайзия элчиси Абдул Азиз Бин Харун, Пакистан элчиси Тамир Хашкели, Япония элчиси Сигэо Нацуи, Түштүк Корея элчиси Ким Бенг Хо ишеним грамотасын тапшырды. Президент аталган өлкөлөр менен эки тарапатуу кызматташууларды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирген. АКШы менен Кыргызстандын кызматташуусуна токтолгон Курманбек Бакиев Бишкек Вашингтон менен эл аралык террорчулукка каршы күрөштө жана башка багыттардагы активдүү кызматташууларды улантууга даяр экендигин билдирген. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG