Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:40

Муса Мураталиев, Москва Орусиянын беш регионунда жекшемби күнү өткөн жергиликтүү парламенттерди шайлоо жыйынтыгында бийлик партиясы «Бирдиктүү Орусия» баарыдан алдыга чыкканы кабарланууда. Чеченстандын БШК төрагасы Исмаил Байханов билдиргенге караганда, элдин шайлоого катышуусу 94 пайыздан ашкан. Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркы декабрь айында Мамдуманы шайлоодогу көрсөткүчкө абдан окшош. Ал жолу Грозный шайлоого келгендердин 99 пайызынан көбүнүн добушу «Бирдиктүү Орусия» үчүн берилди деп жарыялаган. Бирок талдоочулар Түндүк Кавказдагы башка жумурияттардагы ички абал кийинки учурда федералдык бийликке кыйла катаал боло баштаганын белгилешүүдө.

Аназизчилер айтып жүргөн божомолдор арасында эгерде «СССР кайра жаралса анда ал Кавказдан башталат» - деген божомол да бар. Адам укугун коргоочу Элиза Мусаева айтканга караганда, Кремл бийлиги Абхазия менен Түштүк Осетияны тааныгандан тартып Кавказдагы тымызын кармаштын саясий мааниси өзгөрдү:

- Жакында Назранда өткөн митингде, Ингушетия тарыхында биринчи жолу Орусия Федерация алкагынан бөлүнүп чыгуу чакырыгы айтылды. Ал кайрылуу батыш өлкөлөрүнө багышталып, куду Грузиянын жикчил жерлеринде жашаган атуулдарды Орусиянын атуулдукка алышындай Ингуштия тургундарын да батыш өлкөлөрү атуулдукка алуусу үчүн өтүнүч жазашты.

Азыркы тушта колуна курал алып федералдык күч ошондой эле жергиликтүү кремлдик бийликке каршы күрөш ачкандар бүтүндөй Кавказга тарап кеткенин «Русский репортёр» журналы (№38) жазат. Алардын ичинде Дагстан, Кабарда-Балкар, Карачай-Черкес ал тургай беш жыл мурда Чеченстандан (Дудаевдин тушунда) бөлүнүп, Орусиядан баш паана издеп чыккан Ингушетия да азыр тынч эмес.

Баса, мындан үч жыл мурда, 2005-жылы 13-14 октябрда Нальчик калаасында куралдуу топ Кабарда-Балкар жумуриятында жайгашкан федералдык аскер бөлүгү менен күч органдарына кол салып, алардын атышуусу эки күнгө созулуп, ырасмий билдирүүдө 150дөй киши өлүп, 2 миңдей киши кармалып суракка алынды делген. Ошол иштин тергөөсү аяктаганы туурасында бул күндөрү «Мемориал» борбору билдирди. Ал жолу окко учкандар арасында 97 исламчыл можехет, тартип сактоо органдарынын 35 кызматкери жана 14 тургун болгону дайын болот.

Бул күндөрү чыгарыла турган сот өкүмүндө Нальчиктеги ок атышуунун нагыз себептери ачык айтылбаса анда башка элдер нааразылынгы чыгат дейт Кабарда-Балкар жумуриятынын улуттук саясат борборунун жетекчиси Тимур Мурзаев:

- Нальчикте ал жолу октябрда болгон окуя эсимде. Ал бүтүндөй Түндүк Кавказда орун алган маанаайдын өнүгүү басыгын чагылдырат.

Адам укугун коргоочу «Мемориал» уюмунун жетекчиси Олег Орлов андай маанайдын Ингушетияга таркап кеткени туурасында кеп кылат:

- Эмне себептен алакандай Ингушетияда болуп көрбөгөндөй сандагы федералдык күчтөр топтолгонуна карабай, ал жерде кармашты тыйып кою мүмкүн болбой атат? Ага калктын бийликке ишенбөөсү түрткү болууда. Мыйзамдын күчү менен керт башынын укугун коргой албасына көзү жеткенде калк тымызын бийликке моюн сунбай атат.

Маскөө «конституциялык тартипти калыбына келтирүү», а чындыгында Түндүк Кавказда пайда болгон жикчилдерди ооздуктоо үчүн ачкан согушуна тогуз жыл толду. Анын акыры келип Чеченстанда Рамзан Кадыровдун жеке бийлигинин орношу, Ингушетия менен Дагстанда террору деле, террорго каршы күрөшү деле калкка зыян алып келген жагдай пайда болду. Ал федералдык күчтөрдүн эмнени каласа ошону жасаган ээн баштыгынан улам болуп атат. Кремл аны билип туруп билмексенген салууда, аларды тыйып койгондо жагдай оңолор эле, бирок андай болору мүмкүн эместей. Бул чыныгы Кавказга карата жүргүзүп аткан орусиялык саясаттын кризиске белчесинен матышын билдирет, дешет анализчилер.
XS
SM
MD
LG