Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

17:50 Ново-Покровкада жылуулукту көпкө кармай турган «үнөмдүү мешти» ойлоп табышты


«Биом» деп аталган экологиялык кыймыл жана айылдык депутаттардын биргелешкен аракеттери менен Новопокровка айылында алгачкы «үнөмдүү меш» курулду. Аталган мешке бир эле учурда тамак жасап жана үч-төрт бөлмө үйдү жылытууга мүмкүн. Жарык тез-тез өчүп турган шартта «үнөмдүү меш» газ менен электр энергиясына болгон талапты төмөндөтөт. Жылуулукту көпкө кармап турган меш адаттагыдан эки эсе аз отунду талап кылат жана отундун баардык түрү жарай берет дешет усталар. Бирок аталган мешти сала турган усталар Кыргызстанда саналуу гана. Андыктан өлкөнүн бардык аймагында ыңгайлуу мешти куруу үчүн атайын көнүгүүлөр өтө баштады. Долбоордун жетекчилери бул мешти акырындап чоң-чоң мекемелерге орнотууну пландаштырып жатышат. (JJ)

XS
SM
MD
LG