Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

ДИНИЙ КЫРДААЛ ЖАРДЫН КЫРЫНДА ТУРАБЫ?


Кыргызстандагы диний кырдаал бир жактуу жөнгө салынбай келатканын айтышкан талдоочулар, бул багытта кечиктирилгис чаралар көрүлүүсү керектигин айтышууда. Антпесе, диний негиздеги толкундоолор чыгып кетип, бүтүндөй мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч туудурушу да мүмкүн. Серепчилердин баамында, Орозо айт күнү Ноокатта болгон чыр да ушундай мисалдардын учкундары болуп саналат.

Өлкөдө диний кырдаал барган сайын курчуп барат. Анын негизги коңгуроолорунун бири Орозо айт күнү болгон Ноокаттагы баш-аламандык. Анын эң негизги себеби, түздөн-түз мамлекеттик системага, түзүлүшкө байланыштуу дешет. Талдоочулардын пикиринде, мунун бардыгы мамлекеттик башкаруу бутактарында саясий эрктүүлүктүн, таза саясатчылардын жоктугунан, чала сабат саясатчылардын көптүгүнөн, мамлекеттик башкаруу системасынын бир гана колго топтолуп, коррупциянын өнүгүшүнөн келип чыгууда. Саясат талдоочу Токтогул Какчекеевдин пикиринде, эки жүздүү саясаттын айынан жана чыныгы адистердин жоктугунан улам айрым диний уюмдар мамлекеттик жогорку кызматтарга келгенге шарт түзүлүп жатат:

- Диндин бүгүн саясий буктурма жана коммерциялык максатта пайдаланып жатышат. Ошентип бүгүнкү күндө биздин мамлекетте буга терең ойлонуп, өтө аяр, салмактуу иш жасагандар болбой жатат, аларды мен көргөн жокмун. Эртеңки күнү бул жол менен бара турган болсок, Кыргызстанда 2010-жылы президенттик шайлоого өздөрүнүн адамдарын чыгарып, иши жүргөн адамдарды дин аркылуу мажбурлап, президенттик бийликке келгенге дагы чамасы жетет. Депутаттыкка деле чамасы жетет. Ошентип биздин какшап жүргөн либерал-демократиябыз, какшап жүргөн атуулдук өкмөт, мамлекет, ошолордун бардыгы урап түшөт дагы, биз баш көтөрө албай, башыбызды шылкыйтып, динчилердин алдында калууга убакыт жетет.

Андан тышкары анын пикиринде, өлкөнүн баш мыйзамын түп-тамырынан өзгөртүп, бийликтин бир гана колго топтолушуна бөгөт коюп, президенттин чексиз бийлигин жоймоюн бул сыяктуу олуттуу маселелерге жетиштүү көңүл бурулбайт. Ошондой эле саясат талдоочу Токтогул Какчекеев, бүгүнкү бийлик башка адамдардын тынчтыгын сактап жатабыз деген сөзгө жашынып митингдерге тыюу салганын, ошол эле убакта ар кыл багыттагы диний уюмдардын жайылышына көз жумуп, ал уюмдарды каалабаган басымдуу көпчүлүктүн тынчтыгына, укуктарына көз жумуп койгонун, мындай жагдай бүгүнкү бийликте өздөрүн гана ойлогондор отурганын билдирип турарына токтолду.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, “Жаңы Кыргызстан” партиясынын төрагасы Исмаил Исаковдун айтымында, дин жаатында билим берүүнү чыңдап, элдин маалымдуулугун арттырмайын мындай маселелер чыга берет:

- Бизге ар түрдүү көз караштагы, ар кыл багыттагы диний адамдар көп келген да. Бири биринчи өлкөнүнкүн туура десе, экинчиси башкасын айтып, чыгышын, батышын айтып өздөрүнчө эле карама-каршылык пайда болгон. Ушуну биз бир калыпка салалык, мамлекеттин бүгүнкү өнүгүшүнө бул жардам берсин деп, бир нукка салууга аракет кылдык эле. Чынында кээ бир жерлерде мындай иштер эми гана башталды. Анткени, муну мыйзам чегинде бекитиш керек экен, анча-мынча мыйзамга да өзгөртүү киргизиш керек экен. Мына ушулардын бардыгы топтолуп отуруп, өткөндө Ноокаттагы окуянын келип чыгышына себеп болду.

Дагы бир талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин айтымында, өнүккөн өлкөлөрдө негизги салттуу диндер чиркөөлөрдү, храмдарды куруу менен гана чектелбей, оорукана, мектеп, илимий мекемелерди да куруп, кайрымдуулук иштери менен кеңири иш алып барышат. Ал эми Кыргызстандагы бюджети чоң негизги диний мекемелер Нура айылындагы жер титирөөдө жөн гана сөз менен чектелишти. Ал арада тыюу салынган диний уюмдар катарын арбытып, түстүү кагаздарга басылган ар кандай үгүт баракчаларын, китептерди чыгарып, айрым учурда бийликке сес көрсөткөнгө чейин барышууда.
XS
SM
MD
LG