Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:15

ТЕЛЕРАДИО МЫЙЗАМЫ ӨЗГӨРҮЛГӨНҮ ТУРАТ


Кыргызстандагы телекөрсөтүү менен радиоуктуруулардын ишин жөндөөчү жаңы мыйзам быйыл 2-июндан тарта ишке киргизилген. Кыргызстандын Маданият жана маалымат министрлиги алдында түзүлгөн комиссия талаштуу мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр тууралуу ушу тапта жер-жерлерде талкуу уюштурууда.

Кыргызстандын Медиа өкүлү Илим Карыпбековдун ырасташынча, Кыргызстандын Маданият жана маалымат министрлиги менен Улуттук байланыш агенттиги жаңы лицензияны кимиси беришин аныкташа элек. Мыйзам тартибине ылайык телерадио компаниялар кайрадан катталып, обого чыгууга уруксат кагазын алышы абзел.

- Иш жүзүндө бардык маалымдоо каражаттары мыйзамды бузуп жатышат. Антип мыйзам бузулуп жаткан чакта бүгүнбү же эртеңби, мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөчү Кыргызстандын прокуратурасы эртең эле силерге келип, мыйзам сакталышын талап кылышка, эскертүү беришке акысы бар,- дейт Илим Карыпбеков.

Каттоо, уруксат кагазын алуу түйшүгүнөн тышкары телерадио компаниялар жаңы мыйзам талабына ылайык уктуруу, көрсөтүүлөрүнүн 50% кем эмесин өзү даярдашы, материалдардын теңинен көбү мамлекеттик тилде чыгарышы абзел. Мындай талапты убагында аткарууга көпчүлүк телерадио компаниялардын буямасы келбейт. Анын үстүнө бул кыйла каражатты талап кылчу жумуш.

- Бирок да биз элге муну техникалык жактан ишке ашырыш кыйын экендигин айтуyга аракет жасап жатабыз. Техникалык-экономикалык жактан бүгүнкү күндө анын ишке ашышы мүмкүн эмес. Келгиле, телерадио компанияларга мүмкүндүк берели! Алар алдыдагы үч жылга эсептелген план түзүп, сапаттуу кыргыз тилиндеги берүүлөрдү жасаганга жетишсин,- дейт медиа эксперт Александр Кулинский.

Мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөрдүн ичинен Улуттук телерадио корпорацияга байланышкан 11-берененин айланасындагы чоң талаш дагыле токтоло элек. Илим Карыпбеков жалпы мыйзамдын өзү ушул берене үчүн жазылган деп эсептейт.

- “Бул беренеге тийбей эле коелук, бул беренеге тийсек, ошол эле депутаттардын, ошол эле бийлик өкүлдөрүнүн кыжырын келтириши мүмкүн. Кыжырын келтирсек көп өзгөртүүлөрдү кабыл албай коюшат”, деп көпчүлүк 11-беренеге толуктоо, өзгөртүү киргизүүгө макул болбой коюшту. Бирок анын ичинде мен, дагы үч-төрт киши каршы болуп өзгөчө пикирибизди билдирдик.

Өзгөчө пикир боюнча президент Улуттук телерадио корпорациянын Байкоочулар кеңешине мүчөлүккө 30 кишини сунуштап, анын он бешин парламент тандап берет. Ошол 15 байкоочулар Улуттук телерадио корпорациянын жетекчиси менен орунбасарларын шайлайт.

Улуттук телерадио борбордун укук кеңешчиси Болот Өмүралиев иштеп жаткан мыйзамдагы 11-берене өзгөртүүсүз эле калтырылышы керек дейт.

- Анткени президенттин УТРКны реформалоо жөнүндө жарлыгы чыккан. Жарлык иштеп жатат. Ал жарлыктын негизинде УТРК ичинде иш жүрүп жатат. Башкы директор менен орунбасарлары ошол жарлык боюнча бекитилген.

“ЭлТР” коомдук телекөрсөтүүсүнүн жоопту кызматкери Эрнис Мамыркановдун пикиринде, 11-беренеге өзгөртүү киргизүү-киргизбөөнүн анчалык деле кажаты жок.

- Менчик телерадио компанияларга өнүгүүгө шарт түзчү андан маанилүү беренелер бар. Ошолорго көңүл бурушбуз керек деп ойлойм.

Кыргызстандын Медиа өкүлү Илим Карыпбековдун ырасташынча, телерадио тууралуу азыркы мыйзамдын 11-беренеси Кыргызстан Конституциясында ырасталган демократиялык принциптерге кайчы келет.
XS
SM
MD
LG