Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

ОШ: НООКАТТА НАМАЗ ОКУГАН ОКУУЧУЛАР СУРАККА АЛЫНУУДА


Жанарбек Акаев, Ош 1-октябрь орозо айт майрамында “Ноокат районунун жергиликтүү администрациясынын имаратын ташпараңга алып, массалык башаламандык уюштурган” деген айып менен “Хизбут-Тахрир” уюмунун 32 активдүү мүчөсү кармалганын Улуттук коопсуздук комитети билдирди. Кармалган 32 адамдын 28не «Өспүрүмдөрдү кылмыш жасоого аралаштырган» деген кине коюлуп жатат. Ошондой эле коопсуздук комитети аталган окуяга 67 мектеп окуучусу катышканы тастыкталганын жарыя кылды.

Улуттук коопсуздук комитетинин Ноокаттагы райондук бөлүмүнүн алдында бир топ мектеп окуучулары топтолуп турушат. Бул жерде улуттук коопсуздук комитети «Массалык башаламандыкка катышкан» деп айыптап жаткан 67 окуучунун 11 турат.

Азаттык: - Канчанчы класста окуйсуңар?

- Биз 9-класста окуйбуз, арабызда 7-класстын окуучулары да бар. 11 окуучу ата-энелерибиз менен бир мектептен келдик.

Азаттык: - Силер эмне үчүн бул жерге келдиңер?

- 1-октябрдагы тополоңдо камерага түшүп калыптырбыз. Биз эми: «Болгону тополоң болуп жатканын көрүп эле үйлөрүбүзгө таркап кеткенбиз» деп туурасын айтабыз.

Окуучулар 1-октябрдагы окуяларга эч кандай катыштыгы болбогонун айтышууда. Ал эми Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Икрам Рахманов соңку кезде Ноокатта диний кырдаал курчуп, анын кесепети мектеп окуучуларына да тийип жатканын белгиледи. Учурда «массалык башаламандыкка катышкан» деген 67 балага катуу көңүл бөлүнүп, алардын өздөрүнө жана ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат, деди Рахманов.

- Бул балдар тополоңдо жүргөн миңдеген адамдардын арасында видео камерага түшүп калышкан экен. Ошол балдарга азыр эскертүү берилип, ата-энеси менен милицияга алпарып түшүндүрүү иштерин өткөрүп жатабыз. Кээ бир балдарды ойноп жүргөн жеринен эле мажбурлап кошкондор да бар экен. “Лотерея бердикпи, демек, сен да акимиатка эки таш ыргытасың!” дешиптир, - дейт И.Рахманов.

Орозо айт майрамында администрациянын алдында сый тамак жана лотерея оюнун уюштурууга уруксат берилбей, администрациянын имараты ташбаранга алынган эле. Тополоңдун катышуучуларынын дээрлик көпчүлүгүн мектеп курагындагы балдар түзөөрү да айтылган. Икрам Рахмановдун пикиринде, жөн гана көчөдө жүргөн жаш балдарды ар түрдүү курук убадалар менен азгырышкан.

- Ноокатта “Хизбут-Тахрир” уюму бар экени кечээки окуядан кийин жашыруун эмес болуп калды. Анан да алар чоң кишилерди эмес, жаш балдарды өздөрүнө ынандырып алууга аракет кылып жатышат. Лотереяны акысыз таркатып, машине утуп аласыңар деп алдашкан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, элди намазга жыгылууга чакырган дааватчылар Ноокаттын бардык айылдарында кездешет. Ошондуктанбы, айтор, сабак учурунда да намаз окуйбуз деп окуудан жооп сураган окуучулар көбөйдү, дейт өзбек тилдүү «Абдуваитов» атындагы мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Шайра Сыдыкова.

- Окуучудан “Эмне үчүн сабакка келбедиң?”, - деп сурасаң: «Жума намазга бардым», - деп жооп беришчү. Менин өзүмүн сабагымда да «намазыбызды окуп алайлы» деп суранышчу. Мен макул болчу эмесмин. Себеби бул мектепте окуганга шарт дагы жок болчу.

Шайра эжекенин айтымында, 1-октябрдагы окуядан кийин мектептерде намаз окуу үчүн жооп сураган балдар азайды. Азыр сабакка чүмбөттөнүп келген окуучулар дээрлик жокко эсе.

“Азаттык плюс” Ноокаттагы окуучулардын маселеси боюнча өлкөнүн Ички иштер министрлигине маалымат сурап кайрылды. Аталган министрликтин расмий өкүлү Бакыт Сейитовдун айтымында, тополоңду уюштургандар камакка алынышкан жана азыр сурак берип жатышат. Негизинен бул ишти коопсуздук комитетинин кызматкерлери тергеп, укук коргоо органдары жардам көрсөтүшүүдө.

- Окуучулардын күнөөсү барбы же жокпу - аны тергөө аныктайт. Алардын бул чатакка катышкандыгы чындык, азыр биз аларга күнөө койгон жокбуз, ошондуктан аларга тарбия иштери жүргүзүлөт. Ош облусунда 100 чакты мечит болсо, анын теңинен көбү Ноокатта орун алган. Ошондуктан бул аймакта өспүрүмдөр динге көбүрөөк аралашып, медреселерде билим алышууда. Аларды ким окутуп, кандай билим берип жатканын текшерүү зарыл. Мектеп окуучуларын спортко, заманбап технологияга үйрөтүп алаксыткан эч ким жок, ошондуктан алар динге ооп улуулардын ишине аралашып кетишүүдө.

XS
SM
MD
LG