Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

СДП КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМАНЫ ТАЛАП КЫЛУУДА


Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы бийликтен конституциялык реформаны талап кылган билдирүү менен чыгууда. 14-октябрда жар салынган билдирүүдө конституциялык реформанын маңызы президенттин толук бийлигин чектөөдө, парламенттин, жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун ролун жогорулатууда деп айтылат. Партиянын мүчөлөрү белгилешкендей, учурдагы Баш мыйзам конституциялык кризистен чыкпай эле, тескеринче, республикада саясый кырдаалды курчутту. Анткен менен айрым саясатчылар Баш мыйзамды улам-улам өзгөртүү өнөкөткө айланып бартканын, учурдагы Конституция реформалоого муктаж эмес деген көз карашта.

Социал-демократтар тараткан билдирүүдө Ак үй коррупциянын жана кутумчулардын борбору болуп калганы, бийликтин ичиндеги өз ара араздашкан топтор бийлик ресурстарын бөлүштүрүү менен алек болуп жатканы айтылат. Жогорку Кеңештин СДП фракциясынан депутаты Бакыт Бешимовдун айтымында, өкмөттүн экономикалык-социалдык кырдаалды жөнгө салууга кудурети жетпей калды. Кээ бир аткаминерлердин кызматтан кетип, бийлик ыдырап жаткан абалда мамлекеттин туруктуулугуна жана бейпилдигине олуттуу коркунучтун көлөкөсү түшүүдө. Ошондуктан Ак үй тез арада Констиуциялык реформаны жасашы керек:

- Конституциялык реформанын негизги өзөгүн эмне түзөт? Азыр бүт жерди басып кеткен “Ак Жолдун” бийлиги Кыргызстанга кереги жок. Биз тең салмактуулукту каалайбыз. Экинчиден, парламенттин ролун күчөтүш керек. Жогорку Кеңешке эл каалаган адамдар келиши керек. Реформанын негизинде Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкарууну токтотуш керек.

Мындан тышкары СДП өз билдирүүсүндө 5-октябрда жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоону кескин сынга алды. Бешимовдун белгилешинче, БШК мурдагыдай эле өзүнүн ыплас бурмалоолорун улантып жатат:

-Акаев, Бакиевдердин формасында жасалган шайлоолор республикага кереги жок. Бул Кыргызстанга өтө коркунучтуу. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо ушунчалык ыплас өткөндүгү боюнча бизге көптөгөн кайрылуулар келип жатат.

Мындай өңүттөгү билдирүүлөргө бийлик башында тургандар көңүл буруп, кулак салаары күмөн экени да айтылууда. Март ыңкылабынын негизги талаптарынын бири болгон конституциялык реформа аягына чыкканын президент К.Бакиев буга чейин бир нече жолу расмий түрдө билдирген. Анткен менен айрым талдоочулар президенттин убадалары формалдуу түрдө аткарылганын, бирок мазмуну жагынан эч кандай ич жылытарлык жыйынтык чыкпаганын айтып келишүүдө.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев СДПнын Баш мыйзамды реформалоо талаптары жөндүү деп эсептейт. Качекеевдин айтымында, учурда президенттин укуктары падышанын укуктарынан да чоң. Президентке бийликтин дээрлик бардык бутактары баш ийип калган:

-Президентте учурда чексиз укук болуп жатат. Өкмөт дейт, өкмөт азыр эч нерсе чечпейт. Бардыгын президенттин администрациясы чечет. Бүгүнкү күндө биздин модель падышачылыктын сүрөтү болуп жатат. Падышанын ордунда президент, тактын ордунда президенттин креслосу жана жан-жөөкөрлөрү болуп жатат.

Мамлекет башчы К.Бакиев конституциялык реформа менен өлкөдө абалды дестабилдештирүүнү каалагандар гана алек деп,
9-октябрда орус президентинин Кыргызстанга иш сапары башталаардын алдында ИТАР-ТАСС агенттигине берген маегинде билдирген.

“Ак Жол” партияснын Жогорку Кеңештеги депутаты Ажыбай Калмаматов өлкөдө абал курч деген куру сөз экенин, Баш мыйзамды реформалоонун кажиети жок экендигин айтат:

- Шыйрактан бөйрөк чыгарышып эле, абал курчуп кетти деп атышат. Мында Конституция күнөөлүү дегенге мен такыр кошулбайм. Анткени азыр Баш мыйзам боюнча иштеп жатабыз, ал аркылуу өлкөдө абал туруктуу болуп калды. Эми Баш мыйзамда анча-мынча кемчиликтер болушу мүмкүн, бирок реформаны жүргүзүүгө негиз жок.

Кыргызстанда Конституциянын жаңы редакциясы өткөн жылдын декабрь айында кабыл алынганы менен Баш мыйзам кыргыз коомчулугунда ушу күнгө чейин талаш-тартыштарды туудуруп келүүдө.

XS
SM
MD
LG