Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

ӨЗБЕКСТАН ЕВРОШАРКЕТКЕ ЭМИ ӨГӨЙ ЭМЕСПИ?


Еврошаркет Өзбекстанга карата 2005-жылдагы Анжиян окуяларынан кийин киргизилген санциялардын айрымдарын токтотууну чечти. Мындай чечим шаркеттин тышкы иштер министрлеринин Люксембурдагы кечээги жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык Өзбекстандын Анжияндагы кыргын үчүн жоопкер деп эсептелген сегиз расмий өкүлүнүн Еврошаркет өлкөлөрүнө келүүсү үчүн салынган тыюу эми келерки айда тарта күчүн жоготот. Өзбекстандык укук коргоочулардын бири Еврошаркеттин чечимин "өкүнөрлүк" деп атады.

2005-жылдын майында Анжиянда орун алган кан төгүүдөн кийин Еврошаркет Өзбекстанга карата санкциялардын топтомун кабыл алган эле. Ага ылайык өлкөгө куралдын бардык түрлөрүн жана аскерий, ошондой эле бийлик ички репрессияларды жүргүзүү үчүн колдонушу мүмкүн деп эсептелген жабдууларды сатууга эмбарго киргизилген.

Мындан сырткары Анжиянда адамдардын өлүмү үчүн жоопкер деп эсептелген жогорку деңгээлдеги өзбек расмий өкүлдөрдүн "кара тизмеси" түзүлүп, алар Еврошаркет өлкөрүнүн визасын алуусуна тыюу салынган болчу. Эми Люксембурдагы дүйшөмбү күнкү жыйынындан кийин билдирилгендей, бул чектөө келерки айдан тартып күчүн жогототот, бирок Өзбекстанга карата курал эмбаргосу сакталып кала бермекчи.

Еврошаркеттин учурдагы төрагасы – Франциянын тышкы иштер министри Бернард Кушнер кабарчылар менен болгон маегинде белгилегендей, Өзбекстандын жогорку расмий өкүлдөрүнө карата визалык чектөөнүн алынып салынышы жетишилген реалдуу прогресстер үчүн сыйлык эмес, келечекке дем берүү:

- Биз акыркы айлардын, биз шыктандырууну каалаган оң көрүнүштөрүн эсепке алып жатабыз. Ушундан улам биз кээ бир санкцияларды жойдук, курал эмбаргосун калтырдык. Бирок али көп нерсе жасалуусу керек. Сиз жакында көз карандысыз журналисттин он жылга түрмөгө кесилгенин эске салдыңыз. Андыктан биз өтө этият болобуз жана кырдаал кайрадан начарлабайт деп үмүттөнөбүз.

Француз тышкы иштер министри айтып өткөн өзбек журналистинин ысымы - Салижон Абдурахманов. "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун өзбек кызматынын мурдагы кабарчысы. Быйыл июнь айынан бери камакта отурган Абдурахмановду маң заттарын сактаган деген жүйөө менен Нукус шаарынын соту он жылга өткөн аптада эркинен ажыратты. Окуя Еврошаркеттин жыйыны алдында болду. Адам укугун коргоочу уюмдар өзбек сотунун өкүмүн айыпташкан.

Люксембургдагы жыйындан кийин кабыл алынган документте көргөзүлгөндөй, Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери "Өзбекстанда акыркы жылы мыйзам үстөмдүгүн урматтоо жана адам укуктарын коргоо жаатында жетишилген прогрессти" кубатташты.

Ага катар адам укугун коргоочулардын абакта калуусу уланып жатканына, Батыштын бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнүн өлкөдө иштөөсүнө такай жол берилбей келгенинен тынчыздануу айтылат.

Өзбекстандык укук коргоочулардын бири, учурда Францияда жашаган Надежда Атаева биз менен маегинде Еврошаркеттин чечимин "өкүнүчтүү" деп мүнөздөдү:

- Еврошаркет чечиминде келтирилген аргументтер коомчулукту Еврошаркеттин баштапкы талаптарынан алагды кылат. Бул капалантат, жана өкүнүчтүү. Анжиянда курман болгондорун ысымдары али белгисиз бойдон калууда. Менимче, адам укугун коргоочулар жамааты, Өзбекстандагы активисттер биздин ишибиз эми гана башталып жатканын түшүнөт. Анжияндын сыры сөзсүз ачылат. Анткени адамзатка каршы жасалган кылмыш жазасыз калбоосу керек.

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Брюсселдеги кабарчысы Ахто Лобякастын билдиргенине караганда, жеке маектешүүлөрдө Еврошаркеттин расмий өкүлдөрү Ташкент менен "адам укуктары боюнча" жүргөн диалог мыйзамдарды алга жылдырганы менен иш жүзүндө адам укуктарынын абалын сезилерликтей оңдобогонун, Еврошаркет Борбор Азияда таасирге ээ болууга абдан кызыкдар экенин моюнга алышат.

Андыктан Өзбекстан менен жакындашуу аракети Орусия Грузияга кол салгандан кийин Еврошаркет мурдагы СССР өлкөлөрүндө көбүрөөк таасирге ээ болуу үчүн киришкен кеңири өнөктүктүн алкагындагы иш сыяктуудай.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG