Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:00

АКШ өкмөтү өлкөдөгү ири банктардын жарнактарын сатып аларын жарыялады. Бу максатка 250 миллиард доллар сарп кылынат. Президент Жорж Буш кечээ пландын өңүттөрүн түшүндүрдү.

Өкмөттүн жаңы долбоору өлкөнүн финансы системасына бюджеттен 700 миллиард доллар каражат ажыраткан мыйзамдын негизинде жүзөгө ашырылат. Ошол эле учурда жаңы план Ак үйдүн позициясы өзгөргөнүн да билдирет. Мурда өкмөт банктардын өңчөй ликвидсиз калган активдерин сатып алууну көздөгөн эле, эми эң ири тогуз банктын өзгөчө укуктуу акцияларын өзүнө алат.

Өкмөт өкүлдөрүнөн мурда The Wall Street Journal минфин төрт банктын жарнактарына 25 миллиард доллардан акча сарптап, калгандардын үлүшүн 2-10 миллиард доллардын чегинде сатып алганы жатканын кабарлаган эле. Өкмөт өзүнө алган бул акциялар алгачкы беш жылда – 5, андан соң 9 проценттен пайда бериши керек.

“Ушундай усул менен алынган капитал ийгиликтүү иштеп жаткан банктарга бизнести жана жеке ишкерлерди кредиттөөгө көмөктөшөт, ал эми кысталган банктар кредит берүүнү жандантканга мүмкүндүк алышат, мунун баары калкты жумуш менен камсыз кылууну жакшыртканга, экономиканын өсүшүнө өбөлгө болот”,-деп билдирди Буш жаңы пландын маанисин түшүндүрүп.

Муну менен бирге эле ал “Вашингтондо, европалык өлкөлөрдө көрүлүп жаткан чаралар карапайым жарандардын таламдарынан алыс тургандай көрүнүшү мүмкүн экенин” да моюнга алды. “Бирок бу күч-аракеттердин баары түздөн-түз америка элинин жыргалчылыгына багытталып жатат,анткени алар бүткүл финансы системасын стабилдештирүүнү жана экономиканы оожалтууну көздөйт”,-деп ишендирди Буш. Бул чаралардын акыбети кайткыча Буш убакыт керек болорун белгилеп, ага карабастан элди экономикалык бакубат келечекке бекем ишенгенге чакырды.

Тогуз банктын айрымдары өкмөттүн чечимине адегенде каршы чыгышты, бирок дүйшөмбү күнкү жыйында финансы министри Генри Полсондун кысымынан улам жарнактарын мамлекетке сатканга макул болушту.

“Ар кандай жеке компаниялардын менчигине мамлекеттин кийлигишкени америкалыктардын көпчүлүгүнө, алардын ичинде мага деле жакпайт, - деп агынан жарылды Полсон. – Бирок бизнести жана карапайым керектөөчүлөрдү финансы каражаттарынан кур жалак калтыруу да таптакыр жарабаган иш болор эле”.

Жаңы планда миңдеген чакан банктарды инвестициялоо, банк эсептериндеги айрым депозиттерди кепилдөө өлчөмүн жогорулатуу, ошондой эле айрым банк кредиттерине өтүлдүк берүү мүмкүнчүлүктөрү да каралган.

Деген менен өкмөт көрүп жаткан чаралардын майнаптуу болоруна ишеңкиребегендер да азырынча аз эмес. Алардын бири – жаңы эле Нобель сыйлыгын алган экономист Пол Кругман, мисалы, кредит рыногу тириле баштаганын алдыдагы бир нече күн көрсөтөрүн айтып, ал жанданган учурда деле экономиканы жакынкы аралыкта кайра тикелегенге жардамы тийбей турганын, азыркы кризистен чыгуу үчүн дагы көп сандаган иштерди жасоо керектигин белгиледи. Кругман АКШ дале төмөндөөнүн кырында турат деп эсептейт.

Айтмакчы, АКШда, анын соңунан дүйнөдө финансы кризиси тутанарын Кругман мындан бир жарым жылдай мурда эскерткен эле.
XS
SM
MD
LG