Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

Глобалдык каржылык кризистин соккусуна кабылган алакандай Исландия чукул насыя алуу үчүн Орусия менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Рейкьявиктен келген делегация бул күндөрү Москвада жүрөт. Маалыматтарга караганда, насыянын өлчөмү төрт миллиард еврого барабар. Өзүнүн деле банк системасы очорулуп турган Орусия үчүн Исландияга насыя берүү, ириде геосаясий жактан маанилүүдөй көрүнөт.

Атлантиканын түндүгүндө жайгашкан, бар болгону 300 миң калкы бар Исландия соңку жылдары дүйнөнүн эң бай он өлкөсүнүн бири деп эсептелчү.

Ички экономикасы деңиз продуктулары менен алюминий экспортуна негизделгенине карабай, ал соңку жылдары каржылык борборго айланууга жетишкен. Мындан улам Исландияга миллиарддаган долларлар агылып, топтолгон акчаны өлкөнүн банктары менен компаниялары агрессивдүү түрдө башка мамлекеттердин экономикасына инвестициялаган болчу.

Натыйжада өлкөнүн банк системасынын көрсөткүчтөрү Улуттук дүң өндүрүштүкүнөн дээрлик он эсеге ашып кеткен.

Адистердин тили менен айтканда, азыркы ликвиддүүлүк кризиси глобалдык каржы системасын каптаганда, Исландиянын банктарынын милдеттемелери дээрлик 100 миллиард еврого жетери, ал эми өлкөнүн реалдуу резерви болгону 4 милиардды эле түзөрү анык болуп олтурат.

Андыктан өлкөнү дефолт коркунучунан сактоо үчүн банктарды улутташтыруу боюнча чараларды биринчи болуп баштаган Исландия, адегенде Батыштагы коңшуларына кайрылганда, колдоо табалбагансыды. Анткени алар өз банктарын сактоодо. Британия менен Нидерландия болсо Рейкьявик алардын жарандарынын депозиттерин кепилдөөдөн баш тарткандан кийин атүгүл исланд банкттарынын өз өлкөлөрүндөгү активдерин тоңдуруп да салды. Анын үстүнө банк секторун улутташтыруу Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө жакшы кабыл алынган жок.

Демек мындай жагдайда Исландиянын Орусияга кайрылуусу жүйөлүүдөй көрүнөт. Орусия да өзүнүн баштапкы жообун көп күттүрбөдү. Оболу Орусиянын Исландиядагы элчиси Виктор Татаринцев, андан кийин Исландиянын Борбордук банкы Москва Рейкьявиктин насыя боюнча өтүнүчүн канаттандырууга макул экенин азыркы сүйлөшүүлөргө чейин эле жарыялап жиберишкен.

Айтор Кремлдин жоопту күтүүсүздөн тез бериши, Москвада мунун артында кезинде Исландияга инвестиция салууга жетишкен таасирлүү орусиялыктар турат деген ушак –айыңдарды жаратты. Бул калпы же чынбы - айтыш кыйын. Бирок "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун талдоочусу Виктор Ясмандын көз карашында, жалгыз геосаясий кызыкчылыктардын өзү эле, аралдагы өлкө менен стратегиялык мамиле орнотууну көздөгөн Москва үчүн жетиштүү болмок. Анда ал кызыкчылыктар кайсылар?

Биринчи нерсе - Исландия НАТОнун 1949-жылдан берки мүчөсү. Уюмдун калган мүчөлөрүндөй эле чечимдерге вето салуу укугуна ээ. Демек Исландияга ыйгарылган насыя ал Грузиянын же Украинанын НАТОго мүчөлүгү боюнча добуш берүүгө келгенде өз ролун ойношу мүмкүн. Талдоочубуз Виктор Ясмандын айтымында, буга кошумча маселелер да бар:

- Москва Артиканын шельфиндеги ресурстарга карата Орусиянын улам күчөп бара жаткан талаптарын Исландиянын колдоосуна кызыкдар болушу мүмкүн. Эксперттердин эсептөөлөрү боюнча Исландиянын шельфинин 90 миллиард баррель мунай чыгаруу потенциалы бар. Газпром же Орусиянын башка ишканалары Исландия акча төлөй алгандарга лицензия берүү мүмкүнчүлүгүн кыйыткандан бери бул кендерди иштетүүгө дилгир экени шексиз.

Исландия андан башка Дания, Греландия, Норвегия, Швеция, Финлядия кирген аймактык уюм - Түндүк Кеңештин мүчөсү. Булардын ичинен өзгөчө Швеция Орусиянын саясатына барган сайын тынчыздануу менен карап келет. Орусия өзүнө ымалалаш Финляндияга кошулуп, балким Исландия аталган уюмда Швецияга каршы турат деп үмүттөнүшү мүмкүн.

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун аналитиги Виктор Ясман Орусиянын Исландияга ийги мамилесинин артында аскерий фактор да жатканынын белгилейт:

-Исландиянын стратегиялык аскерий мааниси да эбегейсиз. Бул АКШнын коргонуу боюнча туруктуу аскер-деңиз акустикалык системасы – суу алдында жүрүүчү кемелерге каршы Фарер аралдары - Исландия тоскоолу жайгашкан аймак. Ал Орусиянын Түндүк флотунун суу алдында жүрүүчү, өзөктүк куралы бар кемелери Түндүк Атлантикага чектөөсүз кирүүсүнө жол бербейт. Эгер Москва Исландияны бул системаны кармоодон баш тартууга ынандыра алса, бул АКШнын улуттук коопсуздугуна фундаменталдык сокку болмок.

Орусия менен түзүлүүчү ыктымал келишим тууралуу сурашканда, Исландиянын премьер-министри Гейр Хорде (Geir Horde) өлкөсү НАТОго мүчө бойдон каларын, Орусия менен аскерий кызматташтыкты кеңейтүүнү караштырып жатпагандыгын айтты. Исланд өкмөт башчысы ошондой эле АКШ 2006-жылы таштап кеткен Кефлавик аба базасы эми Орусиянын колдонуусуна берилиши мүмкүн деген ойлорду четке какты.

Анткен менен алакандай Исландиянын саясатчылары Орусия менен насыя боюнча сүйлөшүүлөрдү кокус келечекте кайрадан өткөрүү же жаңы насыя алуу зарылчылыгы чыкса да чечкиндүү бойдон кала алабы? Бул азырынча анык эмес.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG