Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

КҮЗ КҮҮГӨ КИРДИБИ?


Бүгүн жарык көргөн “Дело №...” гезити элиталык мылтык атар жай адам ата турган жертөлөгө айландырылганын, МАИ кызматкерлери менен финполициянын ортосунда массалык мушташ чыкканын, жүргүнчү ташуучу каттамдагы кичи автобус Бишкектин Баткен базары тараптагы темир жолдон өтүп кетем деп барып поюзга урунганын, 11 адам ооруканага түшүп, экөөнүн абалы оор экендигин, жоголуп кеткен бойдон дайны табылбай аткан Шаботоев менен Амиржановду Бишкек менен Чүй дубанынын ар бир короосунан издегени калганын сөз кылган макалалар менен жарык көрдү.

Гезит учурдагы күз айлары саясый окуяларга жыш болорун байката баштаганын, жакында эле Боршайкомдун төрайымы өлкөнү таштап кетсе, Коопсуздук Кеңешинин катчысы президент менен өкмөткө каршы ачуу билдирүү менен чыкканын, ал арада Ноокаттык жаштар райондук админстрациянын имаратын ташбараңга алып жибергенин кеп кылып, “...деги булардын артында кимдер турат? Окуя мындан ары кандай болот? Жарыкты кайра-кайра өчүрө берүүнүн акыры социалдык жарылууга алып келбес бекен?” деген суроолор менен саясат иликтөөчү Марс Сариевге кайрылган. Ал “ Менин оюмча К. Кабилованын качышы президенттин тегерегиндеги топ тарабынан жасалып, алгачкы сокку уулу Максим менен президенттик админстрациянын башчысы М. Садыркуловго каршы урулду. Демек артында ушуларга каршыккан топ турат. Эсиңерде болсо, мурдагы спикер А. Мадумаров менен “Ак жол” фракциясынын башчысы Э. Ибраимованын жаңгак жыгачынан ырбаган чатагы эмне менен бүткөндүгү жакшы белгилүү. Эми мунусун менимче Акүйдүн ичиндеги кармаштын 2-фазага өтүшү катары мүнөздөсө болот”,- деп айтты.

Кабарчынын: “Клара Кабилова ошол ишин өз эрки менен жасадыбы же кимдир бирөөлөр аны саясат айлампасына тартып кеттиби?” деген суроосуна М. Сариев: -Чын эле аны саясый оюндун иримине тартып кетишкенин, анткени бир кезде Кабилова менен чогуу иштешкен адам катары аны жакшы билерин, ал анча-мынчага барбай турган, терең акылы бар, олуттуу ой жүргүрткөн инсан экендигин, демек бул жерде бир балээ барын айтты.

“Азыр кайда барсаң эле президенттин үйбүлөсүндөгү уулу менен инисинин чатагы акыры ушуга алып бармак деген кеп-сөздөрдү угасың. Үйбүлөнүн кармашы өлкөнүн өнүгүүсүнө кандай таасирин тийгизет деп ойлойсуз?” дегенине саясат иликтөөчү: “Биринчиден бул тышкы саясатка да таасирин тийгизет. Үйбүлөңдүн тартиби жок болуп турса эл аралык сүйлөшүүлөрүң да оңунан чыкпайт. Экинчиден, мындай окуялар өлкөнүн ичин да ойрондойт. Ноокаттагы окуя буга күбө. Бийлик азыр элдин урмат-сыйынан тездик менен ажырап баратат. Эгер мамлекет бекем болбосо, аны кармап турган идеологиялык түркүк да бекем болбойт. Улут ыдырап жок болот” деди.

“Эми бул чатактын 2-фазасы эмне менен аякташы мүмкүн?” деген суроого ал :“Бул топтун максатынын борборунда президент турат. Алардын баары бийик кызматтарынан кол жуугандар, демек аяна турган эчнерсеси жоктор. Кокус президент аларды жай-жайына тим койсо оппозиция менен союз түзгөнгө барат. Бирок бир жагынан бул реалдуу эмес. Анткени түштүктүктөрдүн президентке каршы турушу алар үчүн максатка ылайыксыз. Эгер алар президентти кетирүүгө аргасыз кылса президент кайрадан түндүктөн болуп калышы мүмкүн. Ошентип кандай болгон күндө да 2010-жылдагы президенттик шайлоого ат жүрүш башталды. Азыр күчтөр сыналууда. Эгер күтүүсүз эле бир нерсе болуп кетпесе президент К. Бакиев ордунда калат. Анын үстүнө КМШ өлкөлөрүнүн Бишкек саммити Кыргызстандагы абалды турукташтырууга өбөлгө түзөт. Себеп дегенде Орусия чындап жүзүн бура баштады “ деп мүнөздөмө берди.

“Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити “Дагы революция болобу?” тема алдында айрым саясатчылардын оюн сураганда Т. Сариев, мамлекет башчысы менен анын шакирттеринин ортосундагы жарака эбак эле башталганын, И. Исаков, М. Кайыпов иштен бошотулганын, Ү. Сыдыков башында турган топтун таасири Акүйдө мурдагыдай күчкө ээ болалбай калганын, бирок алар кандай акцияларды өткөрүүгө даярданып жаткандыгынан кабарсыздыгын, эми бийлик мындан аркы кадамында ката кетиргенге акысы жоктугун, анткени кандай гана көрүнүш болбосун массалык нааразылыкка от чачып жибериши мүмкүндүгүн эскертсе, Т. Тургуналиев, “Жаңы Кыргызстан” партиясынын саясый кеңешинин катарында биримдик жоктугун, партиянын билдирүүсү балким алдоо амалы да болушу ыктымалдыгын, ырас алар акыры ойгонгонун, бирок буга дейре эмнеге унчукпай келишкенин түшүнө албай турганын, айтор кызматтан кетери менен бийликти жамандай баштагандын өзү эле эң жийиркеничтүү ыкманын бири болуп эсептелерин, элге түшүнүктүү болсун үчүн “Жаңы Кыргызстан” партиясы оппозицияга өтүп, прогрессивдүү революциялык күчтөр менен биригиши керектигин билдирди.

Депутат З. Курманов, партиянын билдирүүсү мамлекет башчысы менен анын шакирттеринин ортосундагы ажырым дегенди түшүндүрбөстүгүн, эми мындай биилдирүүдөн кийин И. Исаков кызматын тапшыргандай Ү. Сыдыков да кызматын ташташы зарылдыгын айтты. Ө. Текебаев, өз байкоосунда Ү. Сыдыков, И. Исаков жана М. Кайыпов президенттин акыркы таянган адамдары болушканын, булардын партиясы да эски партиялардын бири болгондуктан реалдуу күчкө ээ экендигин, анын башындагылардын да эл ичинде оңой эмес кадыр-баркы жана таасири барын, айрым бир маселелерде бул чоң күч болорун, ошондуктан аркандай жагдайларда чогуу иш кыларын айтып жооп берсе, дагы бир саясат иликтөөчү В. Богатырев, “Жаңы Кыргызстан” партиясынын нааразылыгынын чок ортосунда президент Бакиев эмес, анын бир туугандары турганын, бул партиянын аракети түштүк аймагы боюнча бир катар баш ооруларды жаратарын, мындай билдирүүнү жактагандар президентти өзүлөрүн көздөй бурууга жасап аткан акыркы амалдары экендигин, партиянын маселен Чүй дубаны менен Бишкекте анча аброю жоктугун, негизинен аймактык мүнөздөгү партия экенин, анын башындагылар да жумшагыраак айтканда “элдик баатыр” атыга алышпасын, бирок антибакиевдик түштүк фронтун түзүү менен опурталдуулугун, экинчиден булардын дал ошол түштүк тарапта ресурстары барын, ошон үчүн ал буга карата бийликтин бере турган жоробунун 3 вариантын көрүп турганын, анын 1- си, бийлик билдирүүгө эч кандай маани бербей койсо болорун, 2-си, К.Бакиев тигилердин айрым талаптарын аткарууга барышы керектигин, 3-сү, президент дал ушул адамдарга карата репрессиялык чараларды көрүшү мүмкүндүгүн, маселен кызматтарынан алып, аларга кылмыш ишин козготорун айтып жооп берди.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG