Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

12:55 Бишкек ТЭЦин отун менен камсыздоо маселеси толук чечилди


Өкмөт башчы Игорь Чудинов бүгүн президент менен жолугушууда мына ушундай билдирүү жасады. Чудиновдун маалыматы боюнча, Бишкек ТЭЦинде бүгүнкү күндө 236 миң тонна көмүр, 2 миң тоннадан ашуун кара май бар. Дагы кошумча 355 миң тонна көмүр жыл аягына чейин келиш керек. Андан сырткары Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин 10-октябрда жолугушуусунда жетишилген келишимдерине ылайык 2009-жылдын биринчи кварталында газ жана көмүр менен камсыздоо маселеси чечилген. Жылытуу сезону башталышы менен жалпы өлкө аймагында электр жарыгын өчүрүү токтотулат. Президент өз кезегинде, кышка даярдык көрбөй, элдин отун жана жарыксыз калышына алып келген жетекчилер жеке жооп берерин эскертти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)

XS
SM
MD
LG