Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:02

Амирбек Усманов, Прага Бүгүн, 15-октябрь - Азербайжанда жалпы элдик шайлоо күнү. Көпчүлүк серепчилер азыркы президент Илхам Алиев ишенимдүү жеңип чыгаарын айтышууда. Негизги оппозициячыл партиялар, анын ичинде «Мусават» партиясынын лидери, экс-спикер Иса Гамбар шайлоону бийликтин кезектеги саясый оюну деп, өнөктүккө катышуудан баш тартышты. 2003-жылкы президенттик шайлоодо Алиев 76 процент добуш алган.

Оппозициядагы «Мусават» партиясынын төрагасы Иса Гамбар президенттик шайлоону трагикомедия деп санайт. Эмне үчүн?

-Бул шайлоо эмес,- трагикомедия. Трагедия дегеним себеби - Алиевдин режими азербайжан элин өкмөттү жана президентти тандоо укугунан ажыратты. Комедия дегеним себеби-бийлик шайлоо өнөктүгүн калыс өттү деп көрсөтүүгө аракеттенсе, айырым байкоочулар бийликтин бул жоруктарына көздү жумуп, шайлоо жараяны адилет өткөндөй түр көрсөтүүдө. Биз ошон үчүн трагикомедияга катышкан жокпуз.

Иса Гамбар - Азербайжан парламентинин мурдакы төрагасы. Ал 2003-жылкы президенттик шайлоодо 20 процентке жакын добуш алган.

«Азаттык» радиосунун азери кызматынын башчысы Кенан Алиевдин айтымында, эл арасында шайлоого кызыгуу өтө төмөн:

-Шайлоочулар шайлоодон тажаган жана ага кызыкпаган сыяктуу. Саясый өнөктүк оппозициячыл партияларды түгүл, бийликтеги Жаңы Азербайжан партиясын да көп шыктандырбагандай.

Серпечилер Илхам Алиевдин жеңишинен эч кандай күмөн санашпайт. Анткени административдик жана маалымат ресурстары бийликти беш жыл мурда о дүйнө сапар салган атасынан мурастап алган Алиевдин колунда. Мунайдан түшкөн киреше да кенже Алиевдин аброюн көтөрүүгө олуттуу салым кошту. Натыйжада, өлкөнүн акча кору 17 миллиард долларга чыкты. Соңку беш жылда 741 миң жумуш оруну ачылды, олимпиадалык стандартка жооп берген 24 спорт сарайы курулду. 1600 жаңы мектеп ачылды, деп билдирди Илхам Алиев 13-октябрда болгон өкмөт жыйынында.

Ушундан улам, башкаруучу Жаңы Азербайжан партиясынын орун басар төрагасы Али Ахмедов президент Алиевди элдин жапырт колдоп береринен күмөн санабайт:

-Азыркы президент Илхам Алиевдин экинчи мөөнөткө шайлануу мүмкүнчүлүгү өтө чоң. Ага элдин ишеними өтө бийик. Башка талапкерлерде мындай мүмкүнчүлүгү жок. Калк Илхам Алиев менен башка талапкерлердин айырмасын айкын көрүп турат.

Мындай пикирге оппозициядагы «Үмүт» партиясынын башчысы Ыквал Агазаде кошулбайт:

-Бийликке көптөгөн адамдар нааразы болуп турганда, жеңиш эмне үчүн меники болбойт экен? Менде жеңем деген үмүт зор.

Азаттыктын серепчиси Кенан Алиевдин пикиринче, бийлик шаршемби күнкү шайлоодо Илхам Алиевге өткөн шайлоодогудан көп добуш алып берет. Эгерде Илхам Алиев өткөндөгү 76 проценттен аз добуш алчу болсо, анын акыркы беш жылдагы жетишкендиктерине көө сүйкөлөйбү, дейт серепчи.
XS
SM
MD
LG