Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:30

ЖЕҢИШБЕК ТОКТОБЕКОВ: “АШЫКЕМДИН КЫРГЫЗ ТАРЫХЫНДА ӨЗҮНҮН ЖҮЗҮ БАР”


Бүгүн төкмө акын, дастанчы, обончу, ырчы Ашыраалы Айталиевдин сөөгү жерге коюлган атат. Ашыралы Айталиев жөнүндө анын шакирттеринин бири, бир катар сыйлыктардын ээси, төкмө акын Жеңиш Токтобеков “Азаттыкка” эскерүү маек курду.

- Бүгүн төкмө акын, дастанчы, обончу-ырчы Ашыралы Айталиевдин сөөгү жайына берилет. Жеңишбек мырза сиз Ашыкемдин шакирти катары анын кайталангыс талантына кайрыла кетсеңиз?

- Албетте, билгендер үчүн Ашыкемдин каза болгону өтө чоң жоготуу болду. Ал кишини жакындан билип, шакирт болуп жүргөндөн кийин, Ашыкемдин бир өзгөчөлүгү кыргыз тарыхында Ашыке деген ат менен өзүнүн жүзү бар. Кыргыздарга жеңил түшүнүш үчүн айтсам, бул кишинин ырдоо ыкмасы өзүнүкү болуп, дастандарды да катыра айтып, чыгарган обондору дагы өзүнчө орунду ээлейт. Казактарга мынчалык кадыры сиңген акын жок болсо керек деп ойлойм.

- Ашыкемдин обончулук, дастанчылык, аткаруучулук өнөрүн сиз алып калдыңызбы?

-Ашыкемдин чыгармаларын дайыма угуп жүрөбүз. Эми анын дастанчылыгын улантам го деп ойлойм, “Карагул ботомун” кээде ырдап калып жүрөм. Ал эми акындык жагын, айтыштагы алдырбаган чеберчилигин биз үйрөндүк. Ал киши көп нерсени үйрөттү. Осмонкулдан, Алымкул сыяктуу чоң залкарлардан алып калган нерсени бизге жеткиргени бул өтө чоң кубаныч. Анан бул адамдын талантты баалай билгени. Өзү да айтчу Осмонкулга кандай тийишип ырдасам да, каткырып, азаматсың деп калаар эле деп. Биз дагы канча айтыш болбосун сөзсүз түрдө Ашыкем кошулмайынча болчу эмес. Ашыкемди тамашалап тийишчүбүз. Бирок ошондо да каткырып аябай ыраазы болуп калаар эле. Ушунчалык кененчилик, жоомарттык сапаттары улуу залкарлардан калган го деп ойлойбуз.

- Ашыкемдин ылары, дастандары тууралуу жакын арада китеби чыктыбы?

- Мен жаза баштаган 60-жылдан бер жагын үйүндөгү делонун баардыгын териштирип, жыйнак кылып, бир китеп кылып даярдап койгом. Басмага даярдап аткам. Бирок өзү көргөнгө жетишпей калды. Кудай буюрса болгон айтыштары, ырлары чыгат го.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG