Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

15:32 Президент экинчи ирет дарыланууга Германияга барат


Бул маалыматты президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев “Азаттыкка” бүгүн тастыктады. Маалыматка караганда, президент Курманбек Бакиев былтыр Германияда бутунун муундарын дарылаткан учурда дарылоонун экинчи курсу зарыл болоорун дарыгерлер эскерткен. Мына ошол эскертүүлөргө жараша президент Германияга барат. Бирок анын муундарына операция жасалат деген маалыматтын чындыгы жок. Болгону дарылануунун экинчи курсу өткөрүү белгиленүүдө. Германияга дарыланууга барышы тууралуу президент өзү маалымат бермекчи. Буга чейин кабарлангандай президент Курманбек Бакиев 17-октябрда элге жана парламентке жылдык кайрылуу менен чыгат. (AiT)

XS
SM
MD
LG