Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:36

ИЛХАМ АЛИЕВ ЭКИНЧИ МӨӨНӨТКӨ ШАЙЛАНГАНЫ ЖАТАТ


Азербайжанда президенттик шайлоо аяктап баратат. Мамлекет башчысы болууга жети талапкер дама кылып жатат, алардын ичинен бийликтеги президент Илхам Алиев элден дагы беш жылга мандат алары айныксыз. Добуш берүүнүн жүрүшүнө миңдеген байкоочулар көз салышты.

Илхам Алиев беш жылдык экинчи мөөнөткө шайланары азыртан эле анык десе болот. Муну ал өзү да бөркүндөй көрөт. Аялы менен добуш бергени келип, Алиев жадакалса жабалактап күтүп турушкан журналисттерге деле чыккан жок.

Алиевге атаандаш болгондор арасынан бирөө гана өзүн көз карандысыз талапкер кылып көрсөткөн, калгандары оппозициянын өкүлдөрү эсептелет. Бирок негизги оппозициялык партиялар шайлоого бойкот жарыялап, добуш берүүгө катышкан жок. ”Азадлыг” блогунун өкүлдөрү мыйзам башкаруучу “Ени Азербайжан” (“Жаңы Азербайжан”) партиясынын таламына ылайыктап жазылган, Алиевден башка талапкер баары бир утуп чыга албайт дешет. Мындан тышкары укук коргоочулар менен журналисттер шайлоо демократиялык талаптарга ылайык келбеген күндө деле Батыш өкмөттөрү бу жолу Азербайжанды мурдагыдай сынга аларына ишенич жоктугун айтышууда.

Башкаруучу “Ени Азербайжан” партиясынын өкүлдөрү болсо тек Алиевге теңтайлаша алар талапкер азыр жок, анын тушунда өлкө дүйнөдөгү күчтүү экономикага айланды дешет.

Шайлоочулар үчүн да экономика чоң фактор болду. “Бүгүн баары жайында, Азербайжандын мындан ары да өнүгө беришин каалайм”,- деп айтты алардын бири. Кала берсе жакыр жашаган шайлоочулар деле ушул мүдөөдөн улам добуш беришти. “Жашоо жакшы болушун, пенсия көбөйүшүн тилейм”,- деп билдирди элет жериндеги бир шайлоочу. Айрым шайлоочулар болсо Илхам Алиев атасынын жолун улантып жатканын мактап, ошону үчүн ага добуш берүүнү чечкенин айтышты.

Гейдар Алиев жалпы эсепте өлкөнү отуз жылдай башкарды. Ал көз жумган соң бийлик Илхам Алиевге мураска калды, 2003-жылы шайлоодо ал 76 процент добуш алган. Быйылкы көрсөткүч да ушуга жакын болушу ыктымал.

Мурдагы шайлоо массалык акциялар менен коштолгон. Бийлик оппозициянын каршылыгын ырайымсыз ыкмалар менен баскан. Арадан эки жыл өткөн соң парламенттик шайлоодо оппозиция кетирген өнөгүн алганга аракет кылган, бирок добуш берүүгө бир нече күн калганда оппозициянын жана өкмөттүн жоон топ өкүлдөрү камакка алынган, аларга мамлекеттик төңкөрүш даярдады деген айып коюлган.

Бу жолку шайлоодо оппозициянын бойкотуна карабастан добуш берүүгө келгендер саны 2003-жылдагы көрсөткүчтөн – 70 проценттен кем болбойт дешет. Добуш берүү ишине миңдеген эл аралык байкоочулар көз салып жатышат. Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун делегация башчысы Янез Ленарчич 200дөй байкоочулар тобу жергиликтүү шайлоо комиссияларынын ишин көзөмөлдөп турушканын билдирди. Шайлоонун алгачкы натыйжалары бүгүн түн ортосуна жетпей эле дайын болот.

XS
SM
MD
LG