Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:57

Бүгүн мамлекеттик опера жана балет театрында кыргыз эл артисти, төкмө акын Ашыралы Айталиевди акыркы сапарга узатуу жыйыны болду. Жыйында чыгып сүйлөгөндөр маркумдун талантын, инсандыгын жана элине калтырган эмгегин белгилеп айтышты. Ашыралы Айталиевдин сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Кыргыз эл артисти, төкмө акын, ырчы-аткаруучу жана дастанчы Ашыралы Айталиевди акыркы сапарга узатуу жыйынын маданият жана маалымат министри Султан Раев ачты:

- Алтын таңдайына ааламдын ыр вулканы баткан Ашыкебизди да акыретке узатып жатабыз. Бейишке барар жолуңуз ырдан бүтсүн. Жан жолдошуңуз сөздөн бүтсүн. А биз сиздин сөздөрүңүздү тумардай ыйык тутуп сактайбыз.

Белгилүү төкмө акын, кыргыз эл артисти Тууганбай Абдиев да Ашыралы Айталиевдин шакирттеринин бири. Улуу таланттын өмүрдөгү чыгармачылык ирмемдеринен төкмө акын мындайча эскерди:

- Иштен чыгып калган учурлары да болду. Чындыкты бетке таамай айтчу. Өнөрүнүн арты менен кайра эле ишке алынчу. “Айтышта” да чогуу иштеп жүрдүк.

Сөзүнүн аягын Тууганбай Абдиев төмөнкү ыр саптар менен аяктады:

- Барар жериң Ашыке,
Ай-жылдыз, Күнү баткан жер.
Алты жүз атаң Алтын биригип,
Алп Манас, Чыңгыз жаткан жер.
Ажалдын жолу ушу экен,
Ашыкең,
Колдон учкан куш экен...


Ал эми Ашыралы Айталиевдин дагы бир шакирти Замирбек Үсөнбаев улуу устаттын талантынын өзгөчөлүгүн төмөкүчө белгиледи:

- Мен Ашыкемдин жанында көп жүрүп калдым. Ал өтө берилип төккөндө мисалы, 10 төкмөнүн айтып-жазганын бир отуруп айтып койчу. Ушунун өзү эле анын талантынын канчалык бийиктигин айгинелаеп турат.

Ашыралы Айталиев өзгөчө кийинки убакта кыргыздын төкмөлүк, манасчылык өнөрүнүн келечегине көп кабатырланып, Бишкектеги Шубин, Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайларында төкмөлүк жана манасчылык сабактарын ачкан. Кийинки убакта болсо Ашыралы Айталиев төкмө акындардын “Айтыш” коомдук фондунда эмгектенип, жаш төкмө акындарды тарбиялап жаткан.

Аталган фонддун президенти Садык Шернияз маркум бир топ жаш төкмөлөрдү даярдап чыгарганын, улуу таланттын сөзүн эми мына ушул жаштар улантаарын кошумчалады.

Ашыралы Айталиевдин сөөгү бүгүн Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.
XS
SM
MD
LG