Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:51

17:22 Нарын шаардык кеңешинин төрагасы шайланды


Нарын шаардык кеңешинин депутаттыгына 102 талапкер ат салышып, 28и депутат болуп шайлангандыгын Нарын шаардык округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдылда Ибраев билдирди. Бирок шайланган 2 депутаттын муниципиалдык кызматкер катары эсептелинери тууралуу маселе көтөрүлүп, жыйынтыгында аларга да мандат берилди. Оболу шаардык кеңештин төрагалыгына көрсөтүлгөн талапкерлер Амантур Абдыкеримов жана Эрмек Турсуналиев жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун ала алышкан жок. Экинчи айлампада болсо 5 талапкер төрагалыкка ат салышып, арасынан алдынкы добуш алган Нарын шаарындагы «Береке» соода борборунун деректири Ардак Көкөтаевдин талапкерлиги үчүнчү жолку добуш берүүгө киргизилип, натыйжада ал 100 пайыз добуш менен төрагалыкка шайланды. (KUs)

XS
SM
MD
LG