Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52

17:25 Өзгөндөгү Жазы округунда райондук кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өткөрүлөт


5-октябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо убагында Жазы округунда тизмеде жоктор добуш беришкен. Ошол себептүү Өзгөн райондук соту райондук парламентке шайлоонун жыйынтыгын мыйзамсыз деп таап, 26-октябрга кайра шайлоо дайындады. Бул тууралуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмонов «Азаттыкка» маалымдады. «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Оштогу лидери Керим Макеев Жазыдагы шайлоолор одоно мыйзам бузуулар менен коштолгондугун белгилеп, мындай көрүнүштөр Өзгөндүн башка аймактарында да кеңири жолуккандыгын, бирок укук коргоо органдары добуштарды бурмалагандарды жоопкерчиликке тартпай келаткандыгын ачыктады.

XS
SM
MD
LG