Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:16

17:28 Жалал-Абатта бейөкмөт уюмдун шайлоо боюнча арызы жарашуу менен аяктады


“Демократия жана жарандык коoм үчүн” коалициясынын Жалал-Абат облустук бөлүмүнүн арызы жарашуу келишими менен аякташына шаардык кеңештин бир топ депуттаттарынын коалиция өкүлдөрүнөн кечирим суроосу себеп болду. Коалициянын байкоочулары 5-октябрда өткөн жергиликтүү кеңеш шайлоолорунда бир топ мыйзам бузууларды каттаган. Аталган уюм шаардагы эки участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктарын жокко чыгаруу талабы менен шаардык сотко кайрылган. Ишти караган шаардык соттун судьясы башка арыздарды териштирип жатканына байланыштуу эч кандай жооп бере албай тургандыгын билдирди. Коалициянын облустагы координатору Чолпон Эргешова буга дейре шаардагы бир топ участкаларда кайталап добуш берүүлөр болгондугун жана участкалык шайлоо комиссиялары туура эмес түзүлгөндүгүн билдирген болчу. “Ата Мекен” партиясынын өкүлү, шаардык кеңешке талапкер Кадырбек Жакыпов да сот иши токтотулгандыгын билдирди. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG