Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

БАНК КРИЗИСИ - ЕВРОШАРКЕТ САММИТИНИН БАШКЫ МАСЕЛЕСИ


Брюсселде кечээ Еврошаркеттин саммити башталды. Глобалдык каржы кризис - эки күндүк жыйында үстөмдүк кылуучу башкы маселе. Акыркы апталарда Европанын бир катар өкмөттөрү кыйынчылыкка кептелген банктарды куткаруу боюнча пландарын жарыялашты. Шаркет эми ошол чараларды координациялоону көздөөдө. Мындан сырткары саммиттин күн тартибинде Орусия менен Грузияга байланышкан маселелер да бар.

Өткөн айдын ортосунан бери дүйнөнүн банк системасын аралаган бороон- чапкындын кубаттуу бөлүгүн Еврошаркет бүгүнкү күнгө карата артта калтыргандай көрүнөт. Бир катар өлкөлөрдө өкмөттөр кыйрап бара жаткан банктардын бир нечесин сактап калышты. Ал эми өткөн жекшемби күнү болсо бирдиктүү акча еврону колдонгон 15 өлкөнүн жана Британиянын лидерлери банк кризисине каршы көрүлүүчү планды жактырып, ири каржы институттарынын биринин да кыйрашына жол берилбесин убада кылышты.

Еврошаркетке кирген 27 өлкөнүн лидерлери саммитте ошол планды колдоору күтүлүүдө. Анда каралган чараларга ылайык, өкмөт жеке менчиктеги банктардын үлүштөрүн сатып алууга, кредиттерди жана атуулдардын жеке эсептериндеги аманат акчаларды кепилдөөсү керек.

Шаркеттин аткаруучу органы - Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэль Барросо кечээги маалымат жыйынында төмөнкүлөрдү белгиледи:

-Европа каржы крзисин жөнгө салууда чечүүчү ролду ойнойт, биз ушундай эле аракетти улантышыбыз керек. Ошондой эле эл аралык деңгээлдеги, өзгөчө Кошмо штаттар менен кызматташтыкка артыкчылык берилиши абзел.

Банктарды куткаруу чаралары Европа үчүн, албетте, арзанга турбайт. Шаркеттин жалпы милдеттемесинин көлөмү – 1,8 триллион долларга барабар. Бул уюмдун ири мүчөлөрүнүн бири - Италиянын улуттук дүң өндүрүшүнөн биртке гана аз дегендик.

Жогорудагы сумманы Еврошаркеттин өзүнүн150 миллиард евролук бюджети көтөрө албайт. Калган акчаны банкттары кризистен жапа чеккен өлкөлөрдүн өздөрүнөн чыгышы керек. Мындай жагдай шаркеттин Чыгыштагы, салыштырмалуу жакырыраак өлкөлөрүнүн тынчын алууда.

Саммитти утурлай Еврокомиссия кечээ банктагы аманаттардын өкмөт кепилдөөчү суммасын 100 миң еврого чейин көтөрүүнү сунуш кылды. Бул чара тиешелүү чечим кабыл алынгандан бир жылдын ичинде ишке ашырылусу керек.

Айтор Атлантиканын эки жээгинде тең кабыл алынган чара - ири банкттарды жарым-жартылай мамлекеттик менчикке алуу глобалдык капитализмдин жүзүн өзгөртчүдөй. Бирок глобалдык каржы секторунда жөнгө салуу эрежелерин күчтөндүрүү кыйынга турчудай.

Маселен Еврошаркеттин өзүндө эле көпчүлүк өкмөттөр банктарга көзөмөл салуучу жалгыз орток мекемени түзүү жөнүндөгү аракеттерди четке какты. Өзгөчө ири өлкөлөр өзүлөрүнүн бул чөйрөдөгү улуттук ыйгарым - укуктарын орток мекемеге берүүнү каалашпайт.

Ал эми узак мөөнөттөн алганда, Еврошаркеттин лидерлери шаркеттин макулдашылган аракети деле кризисти чечүүгө жетишсиз экенин билишет. Каржы базарларында ишеним орнотуу, банктардын бири-экинчисине карыз берүүсүн, кредит бизнес менен керектөөчүлөргө мурдагыдай агылуусун калыбына келтирүү үчүн глобалдык чаралар керек.

Мындан сырткары самитте Орусия менен жаңы өнөктөштүк келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруу же жандандырбоо маселеси да каралмакчы. Ал сүйлөшүү Орусия августта Грузияга кол салгандан кийин токтотулган эле. Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэль Барросо ушул шейшембиде, Брюсселде грузин президенти Михаил Саакашвили менен жолуккандан кийин шаркет тоңгон музду эритүүгө даярданып жатканын ишара кылды:

-Орусия менен жаңы макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр Орусияга белек катары каралбашы керек. Бул - Европа өзүнүн фундаменталдык кызыкчылыктарын алга жылдыруусунун бир жолу. Биздин экономикалык чөйрөдө фундаменталдык кызыкчылыгыбыз бар. Биз Орусия менен өзөктүк куралды жайылтпоо, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш, Европа үчүн маанилүү башка глобалдк маселелерде, алсак климаттын өзгөрүүсү, энергетика коопсуздугу боюнча иштешип жатабыз.

Анткен менен дипломаттардын айтымында, Орусия менен сүйлөшүүнүн кайра жандандырылышына Британия, Швеция, Польша,жана Балтиканын үч өлкөсү каршы. Бул жети өлкө Орусиянын өткөн аптада Грузиянын талашсыз аймактарынан аскерлеринин алып кетиши жетишсиз, ал жикчил чөлкөмдөр катары эсептелген Абхазия менн Түштүк Осетиядагы аскерлеринин санын азайтуусу керек деп эсептешет.

Еврошаркеттин ири өлкөлөрүнөн Франция менен Германия Орусия менен сүйлөшүүнү 10-ноябрдан кечиктирбей жандандырууну каалайт. Сүйлөшүүлөрдүн токтотулганы жөнүндө жарыяланганда, Еврошаркет Орусия аскерлерин Грузия менен жаңжаал башталганга чейинки турумдарына алып кеткенде гана кайра башталат деген шарт койгон.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG