Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

ГЛОБАЛДУУ ФИНАНСЫЛЫК КРИЗИС УКРАИНАДА ДА СЕЗИЛЕ БАШТАДЫ


Эң өнүккөн экономикалык державаларда башталган глобалдуу финансылык капсалаңдын эпкини чакан мамлекеттерди да кыйгап өткөн жок. Алсак, Украинанын борбордук банкы үстүбүздөгү аптада талаштуу чара көрдү. Дүйшөмбүдөн тартып кредит берүүгө, чет элдик валюта менен соода кылууга жана кээ бир депозиттик эсептерден акча алууга чектөө киргизилди.

Саясий туруксуздукка украиналыктар эбак көнүп калышкан болсо, финансылык олку-солку көптөрүн бейпайга салды. Азаттыктын украин кызматынын сурамжылоосуна караганда, респонденттердин 76 проценти өлкөнүн банктарына ишенбейт:

- Финансылык кризис Украинаны гана каптаган жок да. Эмне үчүн биздин банктарга ишенбешим керек.

- Мен банктарга ишенем. Проценттик үстөк ылдыйлаган жок, банк кадимкидей иштеп атат.

- «Приватбанкка» барып, эсебимен акча алайын десем, бербей коюшту. Эртең аларды сотко бергени жатам.

“Психологиялык факторго” шылтоолоп, Украинанын улуттук банкы дүйшөмбүдө кредит берүүгө, чет элдик валюта менен соода кылууга жана кээ бир депозиттик эсептерден акча алууга чектөө киргизди.

Инфляция менен улуттук акчанын арзандашынан чочулаган кардарлар эки жуманын ичинде эле банктагы жеке эсептерден 1,3 миллиард доллар алышыптыр. Улуттук банк ошондой эле өлкөнүн ири банктарынын бирин турукташтыруу үчүн 1 миллиард доллар бөлүп берүүгө аргасыз болду.

Россиянын “Сбербанкынын” Украинадагы филиалын жетектегендердин бири Вячеслав Юткин Улуттук банктын кадамы туура, бирок бир аз кеч жасалып калды дейт:

- Улуттук банк көргөн чара катаң, бирок туура болду. Бул алдын алуучу жана маанилүү кадам. Банк чектөөнү эки жума мурун киргизсе, банктардын эсебинде жок дегенде 1 жарым миллиард доллар калат эле. Жана жүгүртүүдөгү акчанын тартыштыгын алдын алса болот эле.

Бийликтегилер айрым тармактардагы төмөндөөгө карабай, өлкөнүн экономикасына глобалдуу финансылык кризис анча таасир тийгизбейт деп ишенишет.

Бирок май айында инфляция 31 процентке жетип, өлкө Зимбабве менен Венесуэланы гана артта калтырды. Сентябрда абал бир аз оңолуп, инфляциянын деңгээли 16 процентти түздү. Улуттук валюта – гривна өткөн аптада 20 процентке арзандады. Мындан улам, экономисттер Украина кризистин узак мөөнөттү кесепеттеринен качып кутула албайт деген тыянак жасашууда.

Өлкө тапкан валютанын 40 проценти болоттун экспортунан түшөт. Дүйнөлүк экономикадагы кыйынчылыктардан улам, талап азайып, Украинадагы айрым металлургиялык заводдордун иши жайлап калды, кээ бирлери болсо токтоп турат.
Анын үстүнө Россия мындан ары Украинага газ дүйнөлүк баага сатылат деп эскертип келатат.

Айрым талдоочулар өлкө келечекте эл аралык финансылык инсттуттардын жардамын алууну караштырышы керек деп ырасташат. Ал эми премьер-министр Юлия Тимошенко “Украина Эларалык валюта корунан жардам сурадыбы?” - деген суроого жооп берүүдөн баш тартты. Кордун делегациясы ушу тапта Киевде жүрөт.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банк Чыгыш Европа жана Борбор Азия жетекчилерин эл аралык финансы чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөргө тез жооп берүүгө даяр турушу керек деп эскертти.

XS
SM
MD
LG