Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

МАДУМАРОВДУН АК ҮЙГӨ КЕЛИШИ КАДРДЫК КРИЗИСТИН ДАЛИЛИБИ?


Айгүл Жунушалиева, Бишкек Буга чейин мамлекеттик катчы, Жогорку Кеңештин төрагасы болуп иштеп келген Адахан Мадумаров кечээ Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалды. Башкача айтканда, биринчи жолу бул кызматка аскерий тажрыйбасы жок адам келди. Андыктан Мадумаров жаңы кызматта кандай иштеп кетет, деген суроонун тегерегинде айтылып жаткан пикирлер да бир жактуу эмес.

Өлкө башчысы Курманбек Бакиев Коопсуздук кеңештин аппаратына жана тартип коргоо органдарынын жетекчилерине Адахан Мадумаровду тааныштырып, биринчи жолу бул кызматка аскерий тажрыйбасы жок адам дайындалып жатканын белгиледи. Президент өз сөзүндө “Биз Адахан Мадумаровду тажрыйбалуу жетекчи катары билебиз. Ал өз өлкөсүнүн чыныгы патриоту, ошондуктан бул тармак ал үчүн жаңы болгонуна карабастан, алдыга койгон милдеттерди аткара алаарына көзүм жетет”, - деп айтты.

Дегени менен аталган кызматка мурда-кийин аскерий кызматта иштеп көрбөгөн адамдын келишине ар кыл пикирлер жаралууда. “Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчилеринин бири Аликбек Жекшенкулов президенттин мындай чечимин кескин сынга алды:

- Адахан Мадумаровдун Коопсуздук кеңештин катчысы болуп дайындалышы анын чыныгы саясий жүзүн көрсөтүп койду. А. Мадумаров мамлекеттик катчы, Жогорку Кеңештин төрагасы болуп иштеп турганда деле жарытып иштеп ийген эмес. Ал мурда күч структураларында иштебесе, эч кандай тажрыйбасы жок болсо, мындай жооптуу кызматта өз милдетин аткара алат деп айтыш кыйын. Президенттин бул чечими такыр эле туура эмес болуп калды.

А.Мадумаров буга чейин вице-премьер-министр, мамлекеттик катчы, андан соң Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын ээлеп келген. Жогорку Кеңешти жетектеп турганда ал парламент имаратын оңдоп, жыйындар залын жаңгак уюлу менен каптап чыгуу демилгеси менен чыккан. Адахан Мадумаров ошондо имаратты оңдоо маселеси президент менен сүйлөшүлгөнүн айтса, президенттик администрация жетекчиси Медет Садыркулов, андан соң “Ак жол” фракциясынын ошо кездеги башчысы Элмира Ибраимова өлкө башчысы мындай оңдоп-түзөөгө каршы экенин айтып чыгышкан. Ошондо Адахан Мадумаров төрагалыктан өз ыктыяры менен кетип, кийинчерээк депутаттыктан да баш тарткан.

Мына ушундай кадам менен Мадумаров өз аброюн аз да болсо көтөрүп алып, эми кайра тескери кетти дейт жаш саясатчы Мирзат Ажиев:

- Бизде бир топ саясатчылар өз аброю менен жакшынакай эле бийликтен кетишет да, кайра эле мурдагы айткандарын унутуп, соодалашуу жолу менен бийликке келип алышат. Бул саясатчыларда маданияттын жоктугу.

Ал эми саясат таануучу Аскар Мамбеталиев Мадумаровдун аталган кызматка дайындалышы кадрдык кризистин дагы бир далили экенин айтат:

- “Чычканды сойсо да касапчы сойсун” деген сөз бар эмеспи. Бизде болсо маанилүү кызматтарга иш тажрыйбасы, билимине эмес, ыңкылапка катышкандыгы же тигил же бул аймакта төрөлүп калганы үчүн дайындашат. Мадумаровдун аталган кызматка келиши деле ошондой болуп калды. Мына дал ушундай кадрдык саясаттын чабалдыгынан Кыргызстан океанда акырындап чөгүп бара жаткан кемеге окшоп турат.

Дегени менен Мадумаровдун дайындалышы туура чечим болгонун айтып чыккандар да жок эмес. Алардын бири, ЖК депутаты Бегаалы Наргозуев “Азаттыкка” буларды айтты:

- Мен Мадумаров менен иштешип көргөм. Мага жакканы - ал өтө мобилдүү, жаңы нерселерди дароо эле өздөштүрүп кетет. Анан да Адахан мырза бир топ тажрыйба топтоп, кагылып, согулду. Албетте, төрага болуп турганда жаңылыштык да кетирген, бирок менимче ал өзүнө сабак алды. Мурда аскердик кызматта иштебеген адамдын мындай орунга келиши анчалык деле коркунуч жаратпайт. Дүйнөлүк практикада мындай көрүнүштөр жок эмес. Андыктан, Мадумаров жаңы ордунда өз ишин татыктуу аткарат деп ишенем.

XS
SM
MD
LG