Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:29

ДҮЙШӨН МАМАТКАНОВ: ТОКТОГУЛ ГЭСИн БАШ-АЛАМАН БАШКАРУУДАН АРЫЛТУУ КЕРЕК


“Азаттыктын” маектеши - Улуттук илимдер академиясынын суу жана ири газ институтунун директору, академик Дүйшөн Маматканов.

- Расмий бийлик кургакчылыктын кесепетинен Токтогул суу сактагычында суу аз топтолгонун байма-бай айтууда. Ал эми сиз кечээги маалымат жыйынында Токтогул суу сактагычындагы сууну иштетип жибергенин айттыңыз? Буга далилдүү негиздер барбы?

- Токтогул ГЭСи атайы көп жылдык жөнгө салуу боюнча Токтогул суу сактагычын курган. Анын көлөмү 19 жарым млрд. кубометр. Бир эле жыл эмес бир топ жылы кургакчылык жылы болгон күнү дагы, эгер илимий негизинде ошонун эрежеси иштеп чыккан болсо, ошол сууну сактап туруш керек. Ошон үчүн бул көп жылдык жөнгө салуу. Андай эреже бизде жок. Бул жерде илимий негизделген диспетчердик башкаруу графиги бар. Анда өзүлөрүнүн линиясы бар. Эгер кургакчылык жыл келатса, анын өзүнүн линиясы бар “противоперебойный” деген. Эгер суу көп келе турган болсо, анда “противосбросный” деген бар, ал ашык сууну да кое бердиртпейт, кичи сууну көбөйтүп берип турганга мүмкүнчүлүгү бар. Булар боюнча график түзүлгөн эмес, анан чалды-куйду болуп эле, бирөө ач десе ачып, бирөө жап десе жаап отуруп мына ушуга келип отурабыз. Мына быйыл дагы суу аз деп атат. Эми майда-барат суу аз, бирок Токтогулда анча деле суу аз эмес. Мына көрдүк, быйыл бардык көлөмү 12 миллиардга жакын экен. 9 млрд. куб.метр суу сактагычта турат дейт, ошонун жарымын берген күнү дагы 12 нин алтысын кошсо, 15 ке чейин жетип калып атпайбы. Анан дагы эле кичинеден алып калып, калганын тигилерге берип коюп атпайбы.

- Деги эле Кыргызстандагы агын сууларды, анын ичинде иче турган таза сууларды натыйжалуу пайдалануу боюнча кандай илимий иштер жүргүзүлүүдө?

- Бул иштердин баары жүргүзүлгөн менен, аны сураган киши жок, аны пайдаланалы деген бир киши жок. Мисалы окумуштуу катары өмүр бою бирөө келип кеңешели, план, комплекстүү программа түзөлү, изилдейли деп бир да киши сурай элек. Суу сактагычынын Токтогул эле эмес, транс чек аралык суулар деп коет, бизден пайда болуп башка мамлекетке өтүп кеткен суулардын пайдалануу жагын экономикалык механизмдерин иштеп берип, 15 жылдан бери аны өткөрө албай отурбайбызбы.

-Бүгүн Бишкекте Феликс Кулов жетектеген Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча Дирекция уюштурган тегерек үстөл жыйынын уюштурууда. Мына ушул дирекция өлкөдө энергетика кризисин жоюуга канчалык салымын кошо алат?

- Муну мен биздин урматтуу президентибизде болуп, ошондо дагы айткам. Бизде сууну, энергетиканы пайдалануу боюнча идеология болуш керек, анан анын дагы чеги болуш керек деп. Ошондо мен айткам, адегенде чакан ГЭСтерди өстүрүш керек, бул мамлекеттик проблеманы эч чечалбайт. Себеби буларды курууга мамлекеттин акчасы жок, муну жеке ишканалар курат. Алар өздөрүнүн керектөөсүн гана канаттандырыш үчүн курулат. Бирок жардам берет, бергени менен проблеманы чечалбайт. Мен ошондо эле айткам, азыр биздин негизги милдетибиз иштеп аткан Токтогул каскаддын иштөө экономикалык эффектисин көбөйтүшүбүз керек. Ал бизге жетет.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG