Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

СУЛАЙМАН КАЙЫПОВ: КЫРГЫЗ ЭЛИ ЧЫГААН УУЛУ АЙТМАТОВДУН КАДЫРЫНА ЖЕТЕРИНЕ ИШЕНЕМ


“Азаттыктын” маектеши -Кыргыз-түрк Манас университетинин ректору Сулайман Кайыпов.

- Сулайман мырза, Сиз жетектеген Кыргыз-Түрк Манас университетинде заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына, өмүр жолуна байланышкан эл аралык жыйын бүгүн башталганы турат. Ошол жыйын тууралуу угармандарыбызга кененирек айтып берсеңиз?

- Бүгүн биздин университетибизде “Айтматов улуу ойчул деген эл аралык симпозиум өткөнү турат. Бул симпозиумду университетибиз Анкарадагы Ата-Түрк атындагы түрк маданий меркези деген борбор бар, ошол борбордун жетекчилиги менен бирдикте уюштуруп жатат. Биз уюштуруп жатабыз, бирок калган колдоолордун бардыгы Анкарадагы маданиятты изилдөө борбору, анын жетекчиси, профессор Усман Курата тараптан болуп жатат. Азыр Казакстандан, Өзбекстандан, Түркиядан конокторду күтүп жатабыз. Конокторубуздун алды келип кечээ жайгашкан. Саат он жарымда симпозиумдун ачылышы болот. Ага чейин Ата-Бейитке барып улуу жазуучунун мүрзөсүнө топурак салалбай калган окумуштуулар бар, анын жакындары бар, ошолор барышып, топурак салып, дубасын окуп кайра кайтышат. Он жарымда эл аралык симпозиумдун ачылышы болот. Ачылышта өкмөт мүчөлөрү, депутаттар жана өлкөнү башкарып турган жетекчилерибиздин дагы катышуусу күтүлүп жатат.

- Быйыл өлкөдө Чыңгыз Айтматовдун жылы делгени менен анын 80 жылдык мааракесине байланыштуу иш чаралар жеткиликтүү деңгээлде өтүп жатабы?

- Биздин университеттин чегинде айта турган болсом, биз апрелде баштаганбыз “Айтматов аптасы” деп. Ошону 12-декабрга чейин улап баралы дегенбиз. Бирок Айтматовдун өзүнүн өмүрүнүн кыйлышы менен бул бир топ аксоого учурады. Ошондой эле алып көрө турган болсок, өлкөдө көп пландалган иштер жасалбай калды окшойт. Айтматовдун эрте, абдан күтүүсүз жерден кетип калышы көп пландарды бузуп кетти окшойт. Бирок мен ишенем, кыргыз эли өз уулунун кадырына жетет. Топуратып улам эле жыйындарды, чогулуштарды өткөрө бурүү деген эмес, анын кадырына жетүү орундуу, терең сөздөрдү, ойлорду айтуу болуп эсептелет. Мына биз бүгүнкү баштап жаткан симпозиумубуз, Айтматовдун көзү өтүп кеткенден кийинки чыгармачылыгына жаныча көз караштын башталышы болуп калсын деп атайын эл аралык симпозиумду өткөрүп жатабыз. Дүйнөгө даңкы чыккан чоң окумуштуулар келе жатат.

- Чыңгыз Айтаматовдун айкели тургузулушу керек эле, музейи ачылышы керек эле бул жагынан мамлекеттик деңгээлде кандай иш чаралар көрүлүүдө?

- Ага тиешелүү, жооптуу кишилер болгону үчүн мен арага кире калып сөз айтканым этикалык жактан туура эмес болот. Бирок алардын баардыгы ойлонуштурулуп абдан, чала, тез эле жасай коюп кутула койчу иштер эмес. Музей кылымдар бою кала турган нерсе. Аны пландаштырыш керек, анын архитектуралык жагы бар, музейдеги экспонаттарды сактоонун режимдери бар, ошолордун барыдыгы жасаш үчүн убакыт, чоң каражат керек. Оозу менен кээ бирөөлөр айта берет экен, эмдигичекти музейин так эле куруп салыш керек болчу, курулбай калды деп. Популисттик сөздөр өтө көбөйүп жатат. Мен аларга эч кандай кошулбайм. Мамлекет өзү карап, көрүп туруп, адистерди тандоодо эле канча убакыт керек. Мен музей, архив жактарын анча-мынча билгендигим үчүн андай шашылыш иштерди жасоого мен каршымын. Ойлонуп, таразалап көрүп, керек болсо жарыялап туруп анан даярдаш керек.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG