Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

Түркмөнстандын өкмөтү өлкөнүн канча газ кени бар экендигин тактоо үчүн британиялык аудит фирмасын жалдаган эле. Ал фирма ушул дүйшөмбүдө түркмөн газынын запастары зор экендигин бышыктады.

Түркмөнстан көптөн бери эле дүйнөдөгү эң ири газ кендеринин бири бизде деп айтып келет. Бирок бул кенди буга чейин түркмөн адистери гана текшергендиктен, эч ким муну так билген эмес. Бирок быйыл түркмөн өкмөтү британиялык Гафни Клайн фирмасын өлкөнүн газ кендерин иликтөөгө жалдагандан тартып абал өзгөрө баштады.

Бул фирманын жетекчиси Жим Жиллет ушул аптада, 13-октябр күнү Түркмөнстандын түштүк-чыгышындагы Йолотан-Осмон газ кенин бургулоонун жыйынтыгын жарыялады:

- Биздин учурдагы билгенибиздин негизинде Гафни Клайн фирмасы Олотан кенинде азыр аз дегенде 4 триллион, көп дегенде 6 триллион, ал эми эң көп дегенде 14 триллион куб метр газ бар деп эсептейт.

Ал түркмөн газынын көлөмү "дүйнөлүк масштабда" деп ырастады. Буга салыштырмалуу Орусиянын ырасталган газ кени 48 трилллион, Иранын 26 триллион куб метр газы бар. Европа Биримдиги жылыга 300 миллиард куб метр керектейт.

Түркмөнстандын ырасталган газ кени эң көп деген 14 триллионду түзгөндө да, муну дүйнөдөгү эң ири кендердин бири деп айтууга болбойт, бирок энергия булактарына талап болуп көрбөгөндөй өскөн бүгүнкү күндө гео-стратегиялык аймакта жайгашкан чакан өлкө үчүн бул зор байлык экендигинде шек жок.

Ал эми сырт байкоочулар эмне дейт? Чарлз Эссер - Брюсселдеги Эл аралык Кризистик топтун энергетика боюнча аналигити. Анын айтымында, соңку сандар Түркмөнстан өзүнө алган милдеттенмелерин аткарып, башка да кардар таба ала тургандыгын көрсөтөт.

Түркмөнстандын учурда Орусияга жыл сайын 50 миллиард куб метр, Кытайга 40, Иранга 8 миллиард куб метр газ сатууга милдеттенмеси бар. Европа Биримдиги Түркмөнстандан жылыга 30 миллиард куб метр газ ташый ала турган эки газ жолун колдоп жатат. Бирок Иран сыяктуу транзиттик өлкөлөр кошулбаса, бул долбоорлордун ишке ашаары күмөн. Түркмөн өкмөтү өткөн аптада 2015-жылга чейин газ экспортун жылыга 125 миллиард куб метрге жеткирүү нийетин билдирген, соңку маалыматтарга караганда, өлкө мындай чекти багындыра алат.

Бирок Эссер Йолотан кенин дагы казып алып, ал газ алармандарга жеткенге чейин көп иш жасалышы керектигин эскертти:

- Түркмөн өкмөтү газды Орусия, Батыш, Кытай кызыкчылыктарын эске алуу менен экспорттой алабы, кеп ушунда. Өкмөт бардык чет элдик инвесторлордун ишин көзөмөлдөп, теске сала турган техникалык, ошондой эле зор административдик ресуртстары жетиштүүбү дегенда суроо туулат. Менимче Түркмөнстандын чет элдик экспертизаны талап кылган мындай өндүрүштү көбөйтүүнү кой, анын административдик, техникалык жагын өзү тейлөөгө да даремети өтө чектелүү.

Британиялык аудиторлордун бүтүмү Түркмөнстан үчүн жагымдуу чоң жаңылык экенинде шек жок. Бирок бул "дүйнөлүк масштабдагы" газ кендери үчүн ат салыш азыркыдан да күч алса, анын кесепеттери кандай болоорун айтуу кыйын.

Түркмөнстанда адам укуктарынын абалы өтө начар экендиги белгилүү, ошондуктан укук коргоочулар Батыш өлкөлөрүн Түркмөнстандагы демократиялык реформаларга басым жасоого чакырып келишет. Өлкөнүн зор газ байлыгын көз карандысыз батыштык фирма аныктагандан кийин, эми түркмөн газы үчүн атаандаштык дагы күчөп, адам укуктары такыр эле көз жаздымда кала тургандай кырдаал түзүлүүдө.
XS
SM
MD
LG