Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:55

ХРИСТИАНДЫК ЧИРКӨӨЛӨР ДИН БОЮНЧА ЖАҢЫ МЫЙЗАМГА КАРШЫ


Кыргызстандагы евангелдик-христиандык чиркөөлөр “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзам долбоорунун Жогорку Кеңеш жыйынында талкуусуз 1-окууда кабыл алынгандыгына канааттанбагандыгын билдиришүүдө. Ушундай мазмундагы кайрылуу-катты алар Кыргыз Республикасынын Президентине, Жогорку Кеңеш төрагасына жолдошту.

Евангелдик-христиандык чиркөөлөр ассоциациясынын төрагасы Александар Шумилин оболу каттагы ой-пикирлерге токтолду:

- Ал катта биз “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзам долбоорунун Жогорку Кеңеш жыйынында талкуусуз 1-окууда кабыл алынгандыгына кабатырлануубузду, келечекке кам көргөн ойлорубузду жазганбыз. Бул мыйзам долбоору баарыдан мурда исламдык экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы эмес, евангелисттик-христиандык диндерге каршы багытталган. Бийликти азыр кыргыздардын ислам дининен христиан динине өтүп жаткандыгы чочутуп жаткандай.

Мыйзам долбоорунун сөз болуп жаткан багыттагы маани-мазмуну тууралу сураганыбызда Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Каныбек Осмоналиев эң биринчи кезекте Конституциялык түзүлүштү бузбай турган, экинчиден, элдин салтына, менталитетине туура келген, үй-бүлөлүк ажырымдарды жаратпай турган диний ишмердүүлүктөрдү бул мыйзам долбоору абдан эле колдой тургандыгын белгиледи.

Евангелдик-христиандык баптистер чиркөөсүнүн башчысы Владимир Антилогов жаңы мыйзам долбоорундагы диний уюм түзө турган демилгечилердин саны кыйла опурталдуу деген ойдо:

- Албетте, айрым нерселерине бир аз каршыбыз. Мисалы, мен уктум, долбоор боюнча 200дөн кем адам өзүнчө чиркөө түзө албайт экен. Кээ бир ишмердүүлүктөргө тыюу салат экен. Ошолорго каршыбыз.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Каныбек Осмоналиев болсо мыйзам долбоорундагы ошол диний уюм түзө турган демилгечи адамдардын саны башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын эске алуу менен тандалгандыгын айтат:

- Бизде 200 адам сунушталса, Түркмөнстанда 500. Өзбекстанда 100 болгон менен, анын катаал жагы бар. 100 колдоочу бир айылдан гана чыгыш керек. А бизде жалпы Кыргызстан боюнча 200 колдоочу талап кылынат. Европанын чок ортосундагы Австрия мамлекетинде 300 адам демилгечи болуш керек диний уюм түзүүгө. Андан сырткары, ал диний уюмга 16 000 мүчө талап кылынат. Көрдүңүзбү, кандай катаал. Литвада дагы ошондой. Ырас, Польшада 15 гана киши. Бирок 10 000 мүчө зарыл. Ар бир мамлекет бул маселеге өзүндөгү өзгөчөлүктөр менен келет.

Анткен менен да, евангелдик-христиандык дин өкүлдөрү евангелдик-христиандык чиркөөлөр ассоциациясынын төрагасы Александар Шумилин айткандай, кайрылуу-каттарына үмүттүү карап турушат: “Азыр катыбызга Президенттин, депутаттардын мамилесин, кийлигишүүсүн күтүп жатабыз...”

Евангелдик-христиандык чиркөөлөрдүн жетекчилери бүгүн, бейшемби күнү атайын маалымат жыйынын өткөрүшмөк эле, эмнегедир ал болбой калды.
XS
SM
MD
LG