Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:23

АКШ: ТАЛАПКЕРЛЕР ТЕЛЕДЕ АКЫРКЫ ИРЭЭТ ТАЙМАШТЫ


Кошмо штаттарда президенттикке талапкерлердин теледеги акыркы таймашы өттү. Демократ Барак Обама менен республикачыл Жон МакКейн өлкөнүн баалуу кагаздар базарында кезектеги төмөндөө орун алган күнү жолукту, экономикадагы абал кайрадан эле талкуунун башкы маселеси болду. Коомдук пикирди сурамжылоонун көрсөткүчтөрүнө караганда, Барак Обама атаандашы Жон МакКейнден 10%дан ашуун алдыда бара жатат. Акыркы телетаймаш кырдаалды өзгөртө алары арсардай көрүнөт. АКШдагы президенттик шайлоо 4-ноябрда болот.

Президенттикке атаандашып жаткан сенаторлор жакында Конгресстеги добуш берүүдө азыркы өкмөттүн каржы секторун кризистен алып чыгуу боюнча 700 миллиард доллардык планын колдошкон болчу. Алар ошондой эле өз пландарын да жарыялашты.

Республикачылардын талапкери Жон МакКейн сунуш кылып жаткан план, маселен, түзгөн жумушчу орундарынын саны жана өндүргөн продукциясы жагынан өтө маанилүү деп эсептелген компанияларга салык төлөө жагынан жеңилдик берүүнү каалайт. МакКейн ошондой эле америкалыктар төлөй албай калган 11 миллиондой ипотекалык кредитти банктардан өкмөт сатып алышы керек деп эсептейт.

Ал эми демократ Обаманын сунуштары америкалыктардын дээрлик 90%га жакынын салыгын азайтмак, салык төлөмдөрү кирешеси жылына 250 миң доллардан ашкан ишкерлер менен жеке адамдар үчүн гана көтөрүлөт.

Мындан сырткары ал катарын жаңы жумушчулар менен толуктаган иш берүүчүлөргө салык жеңилдигин, ал эми жарандар пенсиялык корундагы акчаны айып төлөбөстөн чыгарып алуусуна уруксат берүүнү сунуштоодо.

Обама телетаймаш учурунда атаандашы Жон МакКейнге айткандай, анын көз караштары президент Жорж Буштун эле оңунан чыкпай калган саясатын чагылдырып турат:

- Экономиканын Америка калкына тиешелүү өзөк маселелеринде – салык саясатында, чыгымдарга артыкчылык берүүдө, сиз президент Буштун кызуу колдоочусу болгонсуз.

Обамадан кыйла аксакал ЖонМакКейнге аны кадыры абдан түшүп кеткен президент Жорж Бушка салыштырууларды таймаш учурунда бир нече ирээт четке кагууга туура келди:

- Сенатор Обама, мен президент Буш эмесмин. Эгер президент Буш менен атаандашууну кааласаңыз, жарышка төрт жыл мурда чыгыш керек болчу. Мен бул өлкөгө жана экономикага жаңы багыт берген жатам.

Атаандаштар шайлоо өнөктүгүнүн акыркы апталардагы жүрүшү боюнча да кайым айтышты, коомчулукка жалган нерселерди алып чыгып, жеке чабуулдарды жасаганы үчүн бири-бирин айыпташты. Обама ЖонМакейндин өнөктүгүн "100%га негативдүү" деп мүнөздөдү.

Ошондой эле талапкерлерге вице-президенттикке тандаган өнөктөштөрүнүн артыкчылык жактары тууралуу айтып берүүгө туура келди.

Ошентип үч телетаймаштын 60 миллиондой адам көрдү деп эсептелген акыркысы эки талапкердин тең америкалыктарды өзү үчүн добуш берүүгө үндөөсү менен аяктады. Обама анын өлкөнү каржы кризисинен чыгаруучу планы "фундаменталдык өзгөрүү" алып келерине токтолду:

- Бул жеңил болбойт, бул тез болбойт. Бул биз баарыбыз, демократтар, республикачылар, көз карандысыздар биригип, курмандыкка баруунун, кызмат кылуу менен жопкерчиликтин духун кайра жандандыруубузду талап кылат. Мен биз муну жасай аларыбызга ишенем. Сиздерди мага добуш берүүгө чакырам жана эгер мага өзгөчө сыймыктуу нерсени - президент катары кызмат кылууну ыйгарсаңыздар, сиздердин, биздин балдардын келечегинин атынан күн сайын талыкпастан иштөөнү убада кылам.

Ал эми 72 жаштагы Жон МакКейн Вьетнам согушу учурунда аскерий учкуч болгонуна, сенаторлук карьерасына токтолуп, өлкөнүн көйгөйлөрүн чечкидей жетиштүү тажрыйбага ээ экенин белгиледи:

- Бүткүл өмүрүмдү ушул элге кызмат кылууга жумшадым, өлкөмдү ар убак алдыга койдум. МаКейн өлкөгө согушта да, тынчтыкта кызмат кылганынын тизмеги узун. Бул менин өмүрүмдөгү чоң жетишкендик жана мен сыймыктануу менен кызмат кылдым. Сиздер кызмат кылуу үчүн мага дагы бир мүмкүнчүлүк берет деп үмүттөнөм.

Коомдук пикирди сурамжылонун акыркы телетаймаш алдындагы көрсөткүчтөрүнө караганда, ындыкара сенатор Обама МакКейнден озуп баратат. Си-Би-Эс телеканалы менен "Нью-Йорк Таймс" гезити жүргүзгөн сурамжылоо боюнча ал атаандашынан 14%га алдыда. Ал эми акыркы телетаймашты баалоо үчүн Си-Эн-Эн телеканалы топтогондордун 58% Обама, 31% МакКейн, Си-Би-Эс телеканалы топтогондордон, 53%ы Обама, 22%ы МакКейн жеңди деген тыянак чыгарышкан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG