Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:41

Казакстандын мамлекеттик мунайгаз компаниясы өлкөнүн көп векторлуу саясатын энергетика тармагында улантууну көздөйт. Бери эле дегенде компаниянын жаңы жетекчиси эл аралык санкцияларга карабастан Иран менен кызматташуу зарылдыгын көшөлө жактай баштады.

КазМунайГаздын президенттигине быйыл августта Каургелди Кабылдин дайындалган эле. Мунай куурларына байланышкан маселелерде Иран менен тыгыз кызматташуу планын ал сентябрда каңкуулаган. Өткөн аптада болсо бу жагынан Тегерандын сунушу каралып жатканын кабарлады. Казакстандан Түркмөнстан аркылуу мунай куурун тартып өтүү тууралуу тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын Тегерандын ырасмий өкүлү Мортеза Сафари Натанзи да бышыктады.

Кабылдин Иранга эл аралык санкциялар жарыяланганы Тегеран менен келишим түзүүнү кыйындата турганын моюнга алды. Ошол эле учурда: “Бул бизнес, болгондо да пайдалуу бизнес болгон соң эмне үчүн кызматташканга болбосун?” – деп собол койду. Бул долбоор жүзөгө ашырылса, Казакстан Азиянын рыногуна чыкканга мүмкүндүк алат. Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкөлөр азыр мунайдын 80 процентин Перси булуңанан алат.

Бирок планга каршы болгондор да бар. Алардын бири Казакстандын илим-изилдөө институтунун кызматкери Канат Берентаев ушу тушта эле эки чоң рынокко – Россия аркылуу Батышка жана Кытайга мунай чыгарылып жатканын айтып, ар жакты көздөп куур кура бергенде аларды толтура турган кара май калбай калышы мүмкүн дейт.

КазМунайГаздын эсептеринде 2010-жылга барып өлкө жылына 84 миллион тонна, дагы беш жылдан соң 150 миллион тонна кара май экспорттогонго жетишет. Мындай масштабдуу план бир нече багыттагы куурларды талап кылат.

Казак президентине караштуу экономикалык изилдөөлөр институтунун эксперти Болат Аулбеков Иран менен кызматташуу планына байланыштуу эки жагдайга токтолду. Биринчиден, бу маршрут коопсуз багыт эмес, Иран өзү стабилдүү өлкө болгону менен ага жакын коогалуу эки өлкө - Ооганстан менен Ирак бар.

Экинчиден, АКШ менен жалпы Батыш буга, албетте, нааразы болот. Эмнеге дегенде алар Баку-Тбилиси-Жейхан кууруна эпсиз чоң инвестиция жумшашты, өздөрүнүн энергетикалык коопсуздугун да ушул куур менен байланыштырышат. Эгер бул куурдун жарамдуулугуна Казакстан калет келтире турган болсо, анда сөзсүз алар буга реакция жасашат, анын ичинде саясий маанидеги реакциясын билдиришет.

Казакстан келечекте ушундай ыкыбалда - эң байгер кардары Батыш менен кер-мур айтышкан абалда калгандан коркпойбу?

Бу соболго КазМунайГаз компаниясы азырынча жооп издеп, баш катырган жок. Мунун ордуна Актау шаарында Казакстан-Иран инвестиция форумун баштады.
XS
SM
MD
LG