Жардам көрсөтүү менен алектенген “Оксфам” тобунун “Дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө” карата чыгарган баяндамасында, бул жылы тамак-аш баалары дагы 120 млн. элди ачкачылыкка мажбурлайт деп билдирген. “Оксфам” тобунун жетекчиси Барбара Стокинг каржы алааматын жөнгө салуунун артынан түшкөн дүйнөлүк институттар, азык-түлүк көйгөйүн унутта калтырганына нааразылыгын билдирип, аң-таң калганын айтууда.