Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

БОРБОР АЗИЯ ҮЧҮН КАРЖЫ КРИЗИСИНИН КЫЙЫР ТААСИРИ АЛДЫДАБЫ?


Чыгыш Европа менен Борбор Азиянын өлкөлөрү учурда Батыш мамлекеттеринин экономикасы менен банктарын очорултуп жаткан кризистин таасирлери менен күрөшүүгө даяр турушу керек. Мындай эскертүүнү Дүйнөлүк банк жасады. Банктын аталган аймактар боюнча башкы экономисти Прадип Митра (Pradeep Mitra) "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Вашингтондогу кабарчысынын айрым суроолоруна жооп берген.

Дүйнөлүк банктын болжолунда, каржы кризиси али баштапкы эле баскычта экенине карабай, Чыгыш Европа менен Борбор Азия өлкөлөрү да экономикалык өсүш басаңдоосун баштан кечирет. Дүйнөлүк банктын Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча баш экономисти Прадип Митра:

-Баардык далилдер көргөзүүдө. Каржы базарларындагы, каржы секторундагы кризис өнүккөн өлкөлөрдө төмөндөөгө (экономикадагы) алып келет. Ал каржыдан башка чөйрөдөгү кризистерге караганда узак жана терең болот. Бул кризис алдыга кеткен өлкөлөрдүн каржы секторунда чыккандыктан, алар узакка созулган төмөндөөгө быгыт алат. Мындан биздин аймактын өлкөлөрүнө да таасир тийбей койбойт. Менимче мунун мөөнөтүн так белгилөө кыйын, бирок бир нече жыл экени айныксыз.

Прадип Митра белгилегендей, аймактагы өлкөлөрдүн экономикасындагы төмөндөө, бир эсе учурда мүчөлөрү ошол каржы кризисинен чыгуу үчүн күрөшүп жаткан Еврошаркеттен экспорттук товарларга суроо-талап азайганына да байланыштуу болот. Ал эми КМШ өлкөлөрүндө азыркыга чейин эле эки эсеге чыгып кеткен инфляциянын өсүүсү, Дүйнөлүк банктын болжолунда, дагы уланат.

Ошондой эле аймактагы өлкөлөрдүн ар жакка тарап кеткен мигранттарынын мекенине жөнөтүүчү акчасы, Дүйнөлүк банктын баш экономисти Прадип Митранын айтымында, азайышы мүмкүн:

-Бир катар өлкөлөр, мисалы Тажикстан, Молдова сырттан которулган акчага абдан көз каранды. Андыктан дүйнөлүк экономика төмөндөп жаткан шартта, биз Орусияда, Казакстанда, Украинада төмөндөө болот деп күтүп жатабыз, жакырыраак өлкөлөр мындан жабыр тартат. Себеби сырттан которулган акчанын агымы азаят.

Жакыр өлкөлөр, анын ичинде КМШ мамлекеттерине буга чейин азык –түлүк менен күйүүчү майдын кымбатташы катуу тийген эле. Азыр бул чөйрөдөгү жараяндар бир аз байыстуу боло баштады:

-Албетте, азык –түлүк баасынын таасири биздин аймактын жакырыраак өлкөлөрүндө, өзгөчө Борбор Азиядан Кыргызстан менен Тажикстанда, ага катар Молдовада оорураак болду. Бул өз кезегинде инфляцияга салым кошту. Анткен менен азык –түлүк баасынын кымбаттоосу азыр басаңдап калды, мунай баасынын арзандаганына да күбө болуп жатабыз. Андыктан инфляциянын таасири да байыстуу болушу керек. Азык –түлүк баасынын жакыр өлкөлөргө терс таасири алдыдагы жалдары байыстуу болот деп үмүттөнөбүз.

Анткен менен Дүйнөлүк банктын баш экономисти Прадип Митра кошумчалагандай, байгер өлкөлөр азыркы каржылык кризистин шартында, ички көйгөйлөрүнө карабай, жакыр мамлекеттерди унутпаганы оң:

-Менимче бул каржы кризисинде биз чынында эле жакыр өлкөлөрдү көз кырынан чыгарбашыбыз керек. Тажикстан аймактын эң жакыр өлкөсү, Кыргызстан да жакыр мамлекет. Булар - бай жана өнүккөн өлкөлөр өзүнүн ички көйгөйлөрү менен алектенип жаткан учурда да унутпай турган аймактар. Анткени туура саясат болсо, бул өлкөлөр жардамдан пайда таба турган абалда.

Дүйнөлүк банк аймактагы өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен саясатты аныктагандарына каржы чөйрөсүндөгү ыктымал өзгөрүүлөргө тез жооп берүүгө даяр турууну кеңеш берет. Ал чаралар маселен банктарга капиталдан жардам берүү, бюджеттин приоритеттерин өзгөртүү же калктын аз камсыз болгон катмарына социалдык жардамды күчөтүү болушу мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG