Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

МЕКТЕПТЕР ТУРАТ ЖӨТКҮРҮП, МЕЧИТТЕР ТУРАТ КӨК ЧИЙИП...


“Жаңы кылым” гезити “Абалың кандай мугалим?” деген рубрика алдында “20 миң сом маяна алган министрди да мугалим окуткан” деген тема алдында макаланы окурмандарга сунуш кылды. “Мамлекетибиздин билим берүү тармагын өнүктүрүү максатында кабыл алынган мыйзамдардын узак убакыттар бою дыңга айланып келип, аргабыз биротоло түгөнүп, билим берүү тармагы чоң коркунучка кептелгенден кийин шашылыш чаралар көрүлө баштады” деп баяндаган гезит, мугалимдердин маянасы саналуу жылдар мурун 800-1500 сомдон ашпаса, учурда 2 миң-3 миң сомго жеткенин, бирок азык-түлүк менен жашоо-турмуштун кымбатчылыгына байланыштуу бул маяна деле мугалимдерди жарытып жыргата электигин, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында эле 900дөн ашуун мугалимдер иштерин таштап Орусияга жанбагып кеткенин белгилеп, маселен кочкорлук Зарина аттуу орус тилчи мугалим мектепте тишинин кирин соруп иштесе да жалчыбай, акыры Алма-Атага бала багуу үчүн жалданып иштеп кетип, азыр тапканы үйбүлөсүн бакканга жетерин, нарындык дагы бир Сейилкан аттуу мугалим эмгек жылдары үчүн төлөнүп берилчү мыйзамдуу акчасын канча жылдан бери алалбай куруганын, айтор мугалимдер дагы эле унутта калганын айтып кейигендерин мисалга тарткан.

“Илим тармагында тилекке каршы революция дейбизби, ыңкылап дейбизби, ошондон бери жарытылуу иштер жасалганы байкалбайт. Билим жана илим министри Ишенгүл Болжурова ойлоп табуучулукту өндүрүшкө кийрүүнү мындай кой, мектеп чарбасын чактап бакшаралбай турган чагы. Бүгүнкү күндө патент кызматы болуп өзгөргөн мекемеде эмне иш болуп атканы дайынсыз” деп жазган “Жаңы ордо” гезити “Инновация өнүкпөсө дал ошондо тезек теребиз” деген макаласын инновация маселесинин өлкөдөгү абалына арнады. Гезит мындан тышкары кырсыктан кыйраган Нура айылынынын абалы тууралуу жазып, окурмандардын назарын ошол айылдын Кытай тарапка качан, кандайча жол менен өтүп кеткен 5 гектар жерине, жергиликтүү калк анын кандайча башка өлкөгө өтүп кеткенин билбей эмгиче баш катырып келатканына бурду.

“Ачык саясат” гезитинин баяндамачысы Баратбай Аракеев макаласынын багытын Кыргызстандагы дин жагдайына буруп, “...ошентип ислам дининен чаласабат мусулман кыргыздарга диний фанатизмдин элементтери жылжып кире баштады, накта мусулманбыз дегендердин идеялары идея түрүндө да, доллар түрүндө да тынымсыз келип жатат, заңгыраган мечиттер курулуп, ага балдарыбыз күндөн-күнгө каттап, чапанды дамбалы менен кийип алып, көчө таптап колоктогон сакалчан жаштар, таар жамынган кыз-келиндер көбөйдү, бул жакшылыктын жышааны эмес, бул Кыргызстандын өнүккөн Швейцарияны көздөй эмес, диний фанатизмдин каны-жининен канча кылымдан бери арылалбай келаткан Ооганстанды көздөй бараткан жолу. Ал эми Ооганстан эзели жакшылык көргөн эмес, өмүр бою тоңкочук атып алласына ак урган менен, бирин бири кырып келет, караңгы, билимсиз, жакыр, шордуу, ок-дары, кан жыттанып турат” деп баяндап, ошол эле учурда дин иштерин тейлеген атка минерлер ажыга баргандардын акчасын кай жерден жула качсам менен алек болсо, бийликтегилери байлык менен бийлик талаштын кызуусунан бошобой жүргөнүн, ушинтип кете берип таптакыр тоңкочук атып каларыбызды кошумчалады. Саясат темасына кайрылган гезитке “Бакиевдерден оомат кетти” деген темада “Элдик революция кыймылынын” уюштуруучуларынын бири, Борбор Азиядагы демократиялык конгресстин башчысы Топчубек Тургуналиевдин көлөмдүү макаласы да жарыяланды. Белгилүү саясатчы өз сөзүндө президент Бакиевдин башкаруу кудурети түгөп бүткөнүн, эми анын бийликтен тез арада кетишинен башка жолду көрбөй турганын айткандары жана революциянын шарттарын аныктаган ойлору чагылдырылган.

“Кыргыз туусу” гезити “Президенттердин келиши көп маселелерди чечти”, “Баткендин өрүк кагы бардык президенттерди тамшандырды”, “Нуралыктарга берилген 1 жарым млн. сом жардам жана “мектепти бүтүрүп Мекенимден кетем” деген окуучулар деген темадагы макалалар менен катар Билим жана илим министри И. Болжурованын “Сапаттуу билим” долбоорун баштадык”” деген аталыштагы интервьюсуна орун берген..

“Агым” гезити “А. Бекназаров баш болгон “Элдик революция кыймылы” президентти кызматтан кетүүгө аргасыз кылабыз деп ачык жарыя кылды. Аларды эл ээрчип кетет деп ойлойсузбу? Адахан Мадумаровдун кайрадан бийликке келишин кандай карайсыз?” деген суроолор менен кайрылганына саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев: “Революционерлерди түз колдоочу эл жок. Бирок элдин маанайы пас, ошон үчүн ээрчип кетебиз деп атса керек. Эл толкуса сел болушу мүмкүн. Акаевдин тушунда адамдарды атып кетишчү, азыр уурдаганга өтүштү. Бийликтин телевизордон сүйлөгөн сөзү менен жасаган ишинин айырмачы чоң болуп атат. Бардыгын Акаевге шылтай бергенге болбой калды да. Бекназаров кыраакы жигит, элдин толкуй турган учурун сезип жатат. Алдыга озуп чыккандарына караганда И. Исаков, Ү. Сыдыков да кыйын немелер. Бирок алар бул бийлик кетсин да ордуна кайра эле түштүктүн адамы келсин деп атышат го деген ойго келем” деп, ал эми Адахан мырза тууралуу :”Президент Мадумаровду аябай мактабадыбы, бирок Мадумаровдун коопсуздук маселелери, экономика, дипломатия боюнча маселелерди жакшы талдап, президентке жолубуз момундай болсо туура болоо деген саяпкер болоруна ишенбейм. Анын оройлугун, көп сүйлөгөнун, деге эле миң түркүн кубулган жигит экенин билебиз” деп жооп берди.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG