Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

10:55 Агрардык сектор олуттуу реформалага муктаж


Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев парламентке жана элге жасаган кайрылуусунда билдирди. Мамлекет башчынын белгилешинче, Акционердик коом түрүндө ири чарбаларды түзүү керек. Ал эми азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жайыт жерлерди рационалдуу пайдалануу зарыл. Ал үчүн дейт К.Бакиев, жер фондусун текшерүү мезгили жетти. Бул маселени аким, губернаторлор көзөмөлгө жакшы ала албай жатат. “Көбү жер кайсы максатта пайдаланып жатканын, кайсы жер бош турганын билбейт. Ошону үчүн көбүрөөк сыртка чыгып, жерлерди карагыла деп айтым жүрөм”, дейт К.Бакиев. Мамлекет башчынын айтуусунда, өкмөт өз кезегинде каржылык, техникалык ресурстар менен колдоо көрсөтүшү керек. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн түзүлгөн Азык-түлүк корпорациясынын фондусунда учурда 20 млн сом бар, бул каражаттарды максаттуу түрдө пайдалануу керек. "Өлкөнүн агроөнөржайына чет жактан инвестицияларды тартуу менен, Агроөнөр жай корпорациясын ишке киргизүү зарыл", дейт К. Бакиев.(MSu)

XS
SM
MD
LG