Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:58

ДАСТАН САРЫГУЛОВ: АТКАРЫЛБАГАН КАЙРЫЛУУЛАРДЫН ПАЙДАСЫНАН ЗЫЯНЫ КӨП


Аманбек Жапаров, Бишкек "Азаттыктын” таңкы ободогу түз байланышындагы тегерек үстөл маегине коомдук ишмерлер Дастан Сарыгулов менен Алманбет Матубраимов катышып, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал боюнча президент Курманбек Бакиевдин буга чейинки кайрылуусуна жана кадр саясатына көз караштарын билдиришти.

“Азаттык”:- Алгач сиздер менен коомчулуктун бүйүрүн кызыткан кадр маселеси тууралуу кеп козгосок. Айрым байкоочулар Кыргызстанда маанилүү кызматтарга иш тажрыйбасы, билимине эмес, ыңкылапка катышкандыгы же тигил же бул аймакта төрөлүп калганы үчүн же “Ак жол” партиясын колдогондорду дайындашат дешүүдө. Алардын мындай дооматы канчалык жөндүү?





А.Матубаримов: - Мен айтат элем кайсы мамлекет болбосун кадр маселени түзүшү керек. Буга чейин деле айтылып келаткан кадрлар бардык маселени чечет деген кеп бар. Бирок эгемендүүлүк алгандан баштап кадр саясатында эч кандай туруктуулук болбой келатат. Эгерде туруктуулук болбосо, мыкты-мыкты адисттерди иштетпесек бул бизди жакшылыкка алып келбей турган нерсе. Анткени эгемендүүлүк алган 18 жылдан бери кадр саясатында мыкты адисттерди жооптуу кызматтарга коюп кете алган жокпуз. Негизинен айтканда Советтер Союзундагы тарбиялык туруктуулукка үйрөнгөн анча-мынча калган саясаттагы кадрларды эле дайындап келе атабыз. Совет мамлекетинде кемчиликтер көп болгон. Бирок ошондогу өнүгүүнү биз 18 жыл ичинде көп нерсени туруктуу кыла албадык. Азыр кадр саясаты боюнча өндүрүштө эмне болуп жатат? Ким жакын болсо ошону дайындоолор эле болуп жатпайбы. Мисалы Коопсуздук кеңешинин катчысы үч жылдын ичинде төртүнчүбү, бешинчиби адам дайындалып атпайбы. Ошондуктан эң негизинен биз саясатта туруктуу болсок. Ошол саясатка кадрларды алып келген кишилер жоопкерчиликтүү болсо. Анан дагы кызык жери кимдир бирөөнү жамандап, сындап туруп кызматтан алып салып, бир-эки айдан кийин эле жооптуу кызматка коюп жатканы. Азыр биздеги эң жаман жери жан-жөөкөрлүк кылып тегерегинде жүргөнүбүз. Аскар Акаевди он беш жылдан бери сындап жатып жаман деп кетирдик. Үч жылдан бери деле Акаевди сындап келатабыз. Негизинен президенттин администрациясындагы ошол кездеги кызматкерлери азыр деле ошол жерде иштеп атышпайбы. Ошондуктан биздеги саясаттагы эң жамандыгы, саясаттын ыпыластыгы. Экинчиден бир жаман жери дайыма жанында жан-жөкөр болуп жүрөт дагы, бир нерсе болгондо биринчи качып кетип, башка бийлик келгенде кайрадан кызматка туруп калгандыгында. Кадр саясатында кызматтагылар элге бербестен, элдин тапкан акчасын жеп атат десем жаңылбайм.

“Азаттык”: - Дастан мырза, азыркы кадр саясатына болгон сиздин көз карашыңызды билсек?




Д.Сарыгулов:- Эми совет доорунда жаман колхоздун башкармасы дагы мынчалык чалмакей чалып, кадрларды бат алмаштыруучу эмес эле. Андан сырткары ири ишкерлер чоң кызматтарга коюлуп, койду карышкырга кайтаркандай болду. Бүгүн бийликте турган көп жетекчилердин, министрлердин, губернатор, акимдердин жеке бизнеси бар. Же бизнесин жакын-урук туугандарына каттатып койгон. Демек бул эмне үчүн болуп жатат. Президент эч кимдин алдында жооп бербегени мыйзамдаштырылып баш мыйзамга жазылып койгондон кийин, мындай көрүнүшкө күбө болуп отурабыз. Мына Түштүк Корея үч президентин өлүм жазасына тартты. Ошол үчүн өнүгүп-өсүп жатат. Эли 44 млн., аянты Кыргызстандын жарымы. Турмушу бизден 50 эсе жогору. Ички дүң продукциясы 360 млрд. доллар бизден жүз эсе арбын. Ал эми бийлик эгерим эч кимдин алдында жооп бербегени үчүн азыркыдай абалга туш болуп кейип отурабыз.

“Азаттык”: - Бүгүн президент Курманбек Бакиев Кыргызстан элине кайрылуу жасамакчы. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өлкө башчысы өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча негизги милдеттер, анын ичинде дүйнөлүк финансылык кризиске байланышкан тышкы терс таасирлерге туруштук берүү, энергетикалык жана агрардык секторлордогу проблемаларды чечүү, мамлекеттик башкарууну мындан ары реформалоо маселесине көңүл бурат экен. Азыр биз “Азаттыктын” архивиндеги Курманбек Бакиевдин ушул жылдын башында, тактап айтканда 2008-жылдын 10-январында өкмөткө жана парламент депутаттарына кайрылуусуна көңүл буруп, анан кебибизди уласак. Анда президент өлкөнү өнүктүрүү боюнча орчундуу алты маселеге токтолгон эле.

"Азаттыктын" архивинен:
Президент Курманбек Бакиев: – Урматтуу депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү, биз конституциялык өзгөртүүлөрдү соңуна чыгардык. Саясий стабилдүүлүк үчүн бардык шарт түзүлдү. Менин оюмча прогрессивдүү жана иш жөндөмдүү парламент түзүлдү. Өкмөттүн жаңы курамын бекиттик. Экономиканын жана социалдык чөйрөнүн бардык багыттары боюнча жакшы жылыштар бар. Азыр болсо бийликтин бардык бутактарынын алдында бир гана милдет турат. Ал биздин стратегиялык максаттарга ылайык, экономикалык жана социалдык реформаларды кыска мөөнөттө ишке ашыруу. 2008-жыл чечүүчү жана бурулуш болууга тийиш. Экономиканын өсүшү 8 пайыздын тегрегин түздү. Мамлекеттик бүджетин көлөмү 41 млн. долларга жетип, 2005-жылга карата эки эседен ашык көбөйдү.

“Азаттык”: - Мына ушул президенттин айткан экономикалык-социалдык реформалары канчалык деңгээлде ишке ашты?

А.Матубаримов: - Мен айтат элем. Экономикадагы кандай өзгөрүүлөр болуп жатканы жөнүндө статистика кызматкерлери маалыматтарды берип жатат. Бирок бул экономикага өтө терс таасирин тийгизет деп ойлойм. Импорт мурун 50 пайызга жакын болсо, азыр 80 пайызга чыгып кетти. Эч нерсени өндүрбөсөк. Бардык товарлар бизге келип жатса. Эгерде биздин Орусияда, Казакстанда иштеген эмгек мигранттары иштеп акча жагы менен жардам бербегенде социалдык кандай акыбалда болот элек, муну дагы айта кетишибиз керек. Экинчи жагынан президент өз сөзүндө экономикалык өсүш бар деп атат. Мен айыл чарбасында жерди иштетип көргөм. Канчадан түшүм алганын билем. Канчалык маалымат бергенин дагы жакшы белгилүү нерсе. Бирок дүйнөлүк кризистин бизге келишинен Кыргызстанга эч кандай таасири болбойт дегенге негиз жок. Себеп дегенде дүң продукциябыз өстү деп жазып коюп жатабыз. Чындыгында анын өскөнүн көргөн жокмун. Инфляция кетип жатат. Ошондуктан банк системасында дагы Кыргызстандын банктары калбай калды. Экинчиден бул кредиттик акчалай система кайда баратканын Улуттук банк айтып жатат. Бирок эч кандай регулировка кыла албайт. Ошондуктан биздин эмгек мигранттары акча каражатын берип турбаса кандай акыбалда калат элек? Өндүрүштүн өскөнүн мен көргөн жокмун.

“Азаттык”: - Дастан мырза, президенттин жыл башындагы кайрылуусунда айтылган экономикалык өсүштөргө сиздин көз карашыңыз.

Д.Сарыгулов: - Экономика 8 пайыз өстү деп жатат.Эгерде баалар он пайыздан отуз пайызга чейин өссө, анда экономика он беш пайызга эмес, отуз пайызга өсүш керек эле да. Аны эске алганда экономика кыйла артка кетти. Электр кубаты берилбегендиктен майда жана чакан ишканалар зыянга учурап жатканын ким эсептеди? Муну менен Кыргызстан экономикасы жакынкы учурда бутуна тура албаган соккуга учурады. Көп ишкерлер жабдыктарын Казакстанга алып чыгып кетип жатат. Мисалы элет элинин 20-30 пайызын жумуш менен камсыз кыла турган кол өнөрчүлүкө бийлик таза көңүл бурбай койду. Бул бийлик элге көңүл бурду деп анан кантип айта алабыз. Анан ишке ашпаган, аткарылбаган кайрылуулардын пайдасынан зыяны көп. Анткени бийликке болгон эл ишенимин өчүрүп, жок кылат. Аскар Акаевдин мындай 20 кайрылуусунун экөө эле ишке ашса, беш жолу берген антын заматта унутуп качып кетпейт эле да.

“Азаттык”: - Президенттин жыл башындагы кайрылуусундагы алдыга койгон талаптарына көңүл бурсак дагы анан кебибизди уласак.

"Азаттыктын" архивинен:

Президент Курманбек Бакиев:
– Тишелүү милдеттерди койгум келет. Биринчи олутту маселе баалардын орчундуу өсүшү жана инфляциянын жогорку деңгээлинин сакталышы. Сиздер энергия ресурстарга баалардын өсүшүнүн дүйнөлүк тенденцияларын жакшы билесиздер. Кыргызстан үчүн газга жана күйүүчү майларга баалардын орчундуу жогорулашы өзгөчө катуу таасирин тийгизет. Мурункудай эле биздин экономика дүйнөлүк продукт рыногундагы өзгөрүүлөргө өтө сезимтал бойдон калууда. Ушунун бары биригип эгерде тиешелүү чара көрүлбөсө 2008-жылдын биринчи кварталында эле баалардын кескин жогорулашына алып келет.

“Азаттык”: - Алманбет мырза, президенттин жогорудагы койгон милдеттери канчалык деңгээлде ишке ашты?

А.Матубаримов: - Кыскача айтканда президент өзү айтып жатат, инфляция өсөт. Мындай болуп жатат, жогорку негиз деп. Негиздебеш керек. Ар бир мамлекеттин өзүнүн ички ресурстары болуш керек.Мына бул жерден Дастан Исламович айтып кеткендей, базардын бир эле баасын алып көрөлүк. Жашылча-жемиштердин баасы эки-үч эсеге өсүп кетти. Анан ошол турмуштан экономикада ажырым күчөй баштады. Колунда барлар өзүнчө болуп калды. Колунда жоктор такыр отуруп калды. Ошондуктан эл азыр айласыздан көп нерсени күтүп турат. Бул жерден баңги заттар кетип жатат, же болбосо көпчүлүгү динге бурулуп кетти замандын начардыгынан. Үчүнчү кыйынчылык келбесин, анда бул ыңкылап деген жаман нерсе.

“Азаттык”:- Дастан мырза, сиз дагы буга оюңузду кыскача кошумчалай кетсеңиз?

Д.Сарыгулов: - Эми калганын айтпай эле коелук. Электр тармагын терең билген тажрыйбалуу адисттердин баары айтып деле, жазып деле жатат. Электр жарыгынын өчүрүлүшү кургакчылыкка байланыштуу эмес.Тармакка туура жетекчилик кылынбай уурдап-тоногонго байланыштуу деп айтып жатышат. Эмне үчүн президент калыс адисттерден топ түзүп текшерип, жыйынтыгын калың элге чын-төгүнүн айтып ырастабайт. Ушуну эле жасап койбойбу калганын тим эле коелук. Болгон электр жарыгына ээ боло албай, жетпей жатабыз, анан чоң маселени козгоп айтуунун эмне кажети бар.
XS
SM
MD
LG