Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

17:15 Жыштыктардын ачык-айкын бөлүштүрүлбөй жатышы тууралуу эл аралык талкуу болот


Анда Кыргызстанда жыштыктарды бөлүштүрүү ыкмаларынын ачык эместигинен, телерадиокомпаниялардын жыштыкты колдонуу мөөнөтүн узартуудан улам жаралган маселелер талкууланмакчы. Бул жаатта мыйзамдык базанын туруксуздугу тууралуу да кеп болот. Медиа адисттердин билдиришинче, Кыргызстанда жыштыктарды бөлүштүрүүнүн жабыктыгы жалпы маалымат саябанында кыйынчылыктарды жаратып, өлкөнүн маалымат коопсуздугуна шек келтирүүдө. 20-октябрда Бишкекте өтчү талкууга ордо калаадагы жана аймактардагы телерадиокомпаниялардын, медиа уюмдардын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, депутаттар катышмакчы. Ошондой эле АКШнын коммуникация боюнча федералдык комиссиясынан, Украина менен Казакстандын телерадиоберүүлөр жамаатынан өкүлдөр келет.(EBM)

XS
SM
MD
LG