Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

Вашингтон менен Багдад өкүлдөрү америкалык аскерлердин Иракта канчага каларын жалпы жонунан макулдашты. Бирок келишимдин долбоору дагы такталып, алымча-кошумчалар менен толукталат. Документ азыр АКШнын жана Ирактын бийлик органдарынын кароосуна берилди.

Иракта ушу тушта Улуттар Уюмунун мандаты менен киргизилген эл аралык коалициянын 152 миңдей контингенти бар,анын басымдуу көпчүлүгү – 144 миңи америкалык аскерлер. Алардын мандаты быйыл 31-декабрда аяктайт. Мандаттын мөөнөтүн узартуу узакка созула турган түйшүктүү иш болгондуктан АКШ менен Ирак маселени эки тараптуу келишим аркылуу чечүүнү макул табышкан.

Келишимдин мазмуну азырынча белгисиз. Бирок анда негизинен эки маселе – Ирактан коалициялык контингентти чыгаруу мөөнөтү жана америкалык аскерлердин кол тийгис укуктары тууралуу жагдай тараптарды талашка салууда.

Пентагондун өкүлү Жефф Моррелл документте америкалык аскерлерди чыгаруу мөөнөтү каралганын бышыктады. Бирок ал азырынча болжолдуу гана мөлчөр экенине шылтоолоп, мунун так датасын айткан жок.

Айрым булактар ирак тарабы АКШдан бул ишти эмдиги жылдын орто ченинен тартып баштоону, 2011-жылдын этегине барып толук аяктоону талап кылып жатканын айтышууда. Багдад мындан тышкары америкалык аскерлерди сот жоопкерчилигинен бошоткон укуктан да ажыраткысы келет. Азыркы өкмөт америкалык солдаттар менен аскери адамдар базалардан тышкаркы жерлерде жасалган кылмыштары үчүн Иракта соттолушу керек деп эсептейт.

Багдаддын бул шартын сенатор Карл Левин кабыл алгыс талап катары баалады. Келишимдин долбоору азыр АКШ өкмөтүндө,мыйзамгерлер арасында талкууга алынууда. Пентагондун башчысы Роберт Гейтс бу күндөрү конгресс мүчөлөрү менен консультацияларды өткөрүп жатат.

Документ Багдадда да бүгүн парламенттин кароосуна берилди. Аны жактыруу үчүн депутаттардын жөнөкөй көпчүлүк добушу керек болот. Бирок бу деле премьер Нури ал-Маликинин өкмөтүнө бир топ кыйын болчудай. Биринчи талкууга шийиттердин радикал имамы Муктада ас-Садрдын тобундагы депутаттар атайылап эле келбей коюшту. Долбоордун бир катар жоболору боюнча башка фракциялардын да каршылыктары бар. Парламент менен бирге эле келишим өкмөттүн,президенттик кеңештин да кароосунан өтүүгө тийиш.

Эгер тараптар өз ара келишим түзө алышпаса,анда эмдиги жылдан тартып коалициянын аскерлерине Ирактан кеткенге туура келет.
XS
SM
MD
LG