Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

10:25 Кыргызстанда витаминдештирүү жумалыгы өтөт


20-октябрда баштала турган иш –чара БУУнун балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) колдоосу астында республикада ушуну менен бешинчи ирээт өткөрүлүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинин басма-сөз кызматы кабарлагандай, витаминдештирүү жумалыгынын алкагында, 6 айдан 5 жашка чейинки балдарга А витамини бекер берилет. Бул иш –чара балдардын саламаттыгын чыңдоо жана балдардын өлүм көрсөткүчүн төмөндөтүү максатында өткөрүлүп келет. А витамининин жетишсиздиги көздүн көрбөй калышына, бойдун өспөй калышына жана башка ооруларга алып келиши мүмкүн. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө 275 млнго чукул адам А витамининин жетишсиздигинен жапа чегет жана жыл сайын 1млндон 3 млнго чейин балдар А витамининин жетишсиздигиненн көз жумат. (MSu)

XS
SM
MD
LG