Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

12:10 К.Бакиев: Жолдорду оңдоо боюнча олуттуу жылыштар бар


Бул тууралуу президент К.Бакиев кечээ парламентке жана элге жасаган кайрылуусунда билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, соңку беш жылдын ичинде бюджеттен жолдорду калыбына келтирүү иштерин каржылоо 7 эсеге көбөйгөн. Эгерде 2006-жылы 408 млн.сом бөлүнгөн болсо, 2008-жылы 1 млрд. 480 млн.сомдун бөлүнүшү пландаштырылды. “Бүгүн биз Баткен областынын, демек Кыргызстандын транспорттук көз карандысыздыгына жетиштик. Ал эми ушул жылдын акырына чейин 1 миң километрден ашык жол ремонттолуп бүтөт, 11 ири көпүрө пайдаланууга берилет”, деди К. Бакиев. Ошондой эле өлкө башчысы мамлекеттик бюджеттин эсебинен 250 млн. сомго заманбап жолкурулуш техникалары сатылып алынганын белгиледи.(MSu)

XS
SM
MD
LG