Кинорежиссер Тынай Ибрагимовдун айтымында, кинофестивалдын ачылышында кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун “Гүлсарат” чыгармасы боюнча тартылган көркөм фильм көрсөтүлөт. Иш-чаранын салтанаттуу ачылышы 19-октябрда Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Фестиваль эртеси күнү Ысык-Көлдө уламакчы. Анда беш күн катары менен ар кайсы мамлекеттердин тасмалары тартууланат. Иш-чаранын жабылыш аземи 26-октябрда Бишкекте өтөт.(MSu)