Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

АПТА: ПРЕЗИДЕНТТИН КАЙРЫЛУУСУ, САДЫРКУЛОВ-МАДУМАРОВ “МАНДЕМИ”, РЕВОЛЮЦИЯЛЫК КЫЙМЫЛДЫН АРАКЕТИ...


Узап бараткан аптада Элдик революциялык кыймыл түзүлдү. Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңештин катчысы кызматына келип, социал-демократтар конституциялык реформа талабын коюшту. Президент Германияга дарыланууга кетер алдында калкка жылдык кайрылуусу менен чыкты. Кыргызстанга келген АКШнын мамлекетти катчысынын жардамчысы президентке эмнени кабарлады?

Президенттин ден-соолугу

Бул маселе быйылкы жылдын башында өлкөдө болуп көрбөгөндөй ушак-айыңдарды жаратып, аны Германияда президент менен жолугушкан Социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаевдин ал кезде жабыла элек “Де-факто” гезитине интервьюсу жана Курманбек Бакиевдин өзүнүн 28-мартта кечинде Бишкекке келиши гана токтото алган эле. Ушак-айыңдын чыгышына президенттин Германияда дарыланып жатышы өз убагында маалымдалбагандыгы себеп болгон.
Бул ирет президенттин маалымат кызматы Курманбек Бакиевдин 20-октябрдан тарта эмгек өргүүсүнө чыгып, анын учурунда бутунун муундарын Германияда дарылатаары тууралуу кабар таратты. Германияга кетер алдында президент эки ишти жасап кетти. Анын биринчиси кадрдык чечимдерге байланыштуу болсо, экинчиси калкка жылдык кайрылуусу болду.

Алгач президенттин кадрдык чечимдерине токтолсок, саясат таануучу Валентин Богатырев белгилеген Бакиевге каршы түзүлө баштаган оппозициялык бирдиктүү түштүк фронтун дал ушул кадрдык чечими менен президент бузгандай болду. Ал фронт Исмаил Исаковдун кызматтан кетүүсү жана ал жетектеген “Жаңы Кыргызстан” партиясынын бийликти кескин сындоосу менен реалдуу түрдө курала баштаган эле. Бийликтен четтетилген Адахан Мадумаровдун Коопсуздук кеңештин катчылыгына дайындалышы жана аны менен президентик администрациянын башчысы Медет Садыркуловго теңдештиктин пайда болушу, ага кошумча Медет Садыркулов “оюндан чыгарып” келген Ахматбек Келдибековдун салык кызматынын башчысына келиши “бирдиктүү түштүк фронтун” алсыратуу үчүн президент тарабынан жасалган бир топ натыйжалуу чечимдер болду. Мына ушундай эле чечимди президент 2007-жылы апрель митингисинин алдында Алмазбек Атамбаев өкмөт башчылыгына дайындоо менен кабыл алып, оппозициянын “картасы” бузулган эле. Бирок президенттин акыркы кадрдык чечимдери Ак үйдө Медет Садыркулов менен Адахан Мадумаровдун кайрадан кармашын күчөтүп, тирешүүнүн жаңы фронтторун пайда кылабы деген чочулоолорду да жаратууда. Анын үстүнө аларды үстүнөн көзөмөлдөп туруучу президент да белгисиз убактарга чейин чет өлкөдө болот.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев президент өлкөдө жок учурунда кырдаал курчубайт деген пикирде:

- Кырдаал эч кандай өзгөрбөйт десек да болот. Анан кырдаалды өзгөртө турган бир учур бар, эгерде президенттин тегерегинде жүргөндөрдүн бир топтору нааразы болуп, биз аны кетиребиз, биз ага каршыбыз деп чыкса, ошондой учур кооптонууну туудурбаса, алардан мурунку күчтөрдөн эч кандай кооптонбой койсо деле болот. Бирок президент дагы бир топ кадамдарга барып, мурунку кеткендерди кызматка алып келди. Адахан Мадумаровду кызматка койду. Келдибековду алып келди. Бул дагы таасирдүү фигура. Ошон үчүн абал өтө оорлойт дегенге болбойт.

Ал эми оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов кырдаал курчуш мүмкүндүгүн айтып, буларга токтолду:

- Менин оюм боюнча кырдаал курчуйт. Кечээки кайрылууда президент көп нерселерди ачык айткан жок. Саясий да, экономикалык маселелерди чечүүнүн жолун көрсөткөн жок. Бул кырдаалдын курчушуна таасир эте турган биринчи фактор. Экинчи фактор, ар кандай саясий топтор, регионалдык элиталардын бийлик үчүн күрөшү күчөйт.

Аликбек Жекшенкуловдун пикиринде, Мадумаров менен Садыркуловдун тиреши күчөп, ал кайсы жагынан жырып чыгып кетери белгисиз.

Президенттин ордун ким басып турат?

Президент өлкөдө жок болуп турган убакта бийлик тизгини кимге калаары айкын эмес. Буга чейин бирден бир таасирлүү күч болуп турган Медетбек Садыркулов баарын тейлейби, же күч структураларын координациялоочу Коопсуздук кеңештин катчысы Адахан Мадумаровбу? Бул айкын эмес.

Конституциянын 52-беренесине ылайык президент өз милдетин аткара албаган чакта анын ордун Жогорку Кеңештин төрагасы аткарууга тийиш. Бирок мамлекет башчынын убактылуу жок болушу менен милдетин аткара албашы эки башка түшүнүк жана абал. Ошондуктан президент Германияда дарыланып жактан учурда өлкөдө чечимдерди ким алат деген суроо ачык калууда. Белгилүү саясатчы жана дипломат Ишенбай Абдуразаков президент жок убакта анын шакирттери өкмөт башчы, парламент, жергиликтүү администрация башчылары өз милдеттерин аткара берет деп эсептейт.

“Акыйкат үчүн” кыймылдын мүчөсү, Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов бийлик тизгини “үй-бүлөнүн” колунда болот деген пикирде:

- Жалпылап айтканда, бүгүнкү абалыбыз баарына эле маалым. Азыркыдай шартта үй-бүлөдөн башка эч ким башкара албайт бул мамлекетти. Ошондуктан үй-бүлө эле башкарат.

Оппозициянын радикал канаты кескин кадамдарга даярбы?

Бул жумада Азимбек Бекназаров башында турган революциялык комитет Кыргызстан Элдик революциялык кыймылга айлануу алдында турганын жарыялап, кыймыл президентти мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүүнү көздөөрүн билдирди:

- Биротоло бир пикирге келдик. Биздин күрөш азыркы президент Бакиевди конституциялык жол менен мөөнөтүнөн мурда кетирүү болуп эсептелет. Мына ушул девиз менен бириккен жарандар, патриоттор революциялык кыймылды түзөлү деп чечтик.

Оппозициянын радикалдуу канаты оппозициялык негизги күчтөр топтолгон “Акыйкат үчүн” кыймылынан колдоо таба алабы? Бул суроого кыймылдын мүчөлөрүнүн ичинде бирдиктүү жооп жок.

Кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов Элдик революциялык кыймылдын лидерлери Коомдук парламенттин мүчөлөрү экенин белгилейт:

- Бекназаров, Артыков, Чотонов жана башка революциялык комитеттин мүчөлөрү Коомдук парламентке кирет. Ошон үчүн биз алардын ойлорун, пикирлерин билебиз. Көп маселелер боюнча колдойбуз. Мен ойлоймун, тактикалык жактан көп маселелерди дагы сүйлөшүп, кеңешип жатабыз. Кийинчерээк ачык айтабыз, кайсы маселелерде биз аларды колдойбуз, кайсыл жерде биз башка жол менен барабыз.

Ал эми кыймылдын дагы бир лидерлеринин бири Мирослав Ниязов Кыргызстанга кезектеги революциянын кереги жок деген пикирде:

- Менин оюмча, элди козгоп чыгууга болот. Анткени элдин кыжыры кайнап эле турат. Бирок менин жеке пикирим, ага барбаш керек. Мындай ишти жасабаш керек. Анткени 2005-жылы революцияны көргөнбүз. Натыйжасын азыр көрүп жатабыз. Дагы ошондой эле төңкөрүш менен бийликти алабыз десе - мен ага каршымын. Эл да каршы болуш керек. Мындай айбанчылык жолго биз биротоло өтүп кетсек, анда Кыргызстандын келечеги болбой калат.

Айрым кабарларга караганда, оппозициялык маанайдагы күчтөр учурда бирдиктүү документтин үстүндө иш жүргүзүүдө. Ал документте конституциялык реформа сыяктуу талаптар бийлик алдына коюлмакчы. Бийлик менен акыйкалаша түшкөн “Жаңы Кыргызстан” партиясы да ал документти колдоонун алдында турат.

Конституциялык реформа өлкөгө зарыл экенин Социал-демократиялык партия 14-октябрдагы билдирүүсүндө ачыктады. Социал-демократтар конституциялык реформа аркылуу президенттин бийлигин чектеп, парламент жана жергиликтүү бийликтин ыйгарым-укуктарын күчөтүүнү көздөөдө. Социал-демократтар лидери Алмазбек Атамбаев ушул жумада алгачкы саны жарык көргөн “Учур” гезитине берген интервьюсунда оппозиция мына ушул талаптардын айланасында баш кошушу ыктымал экендигин билдирген. Оппозициялык күчтөр кайсы бир деңгээлде баш кошкон “Акыйкат үчүн” кыймыл ноябрь айында курултай өткөрүүнү белгилеген. Мына ошондо оппозиция саясий күрөштүн ыкмаларын, мезгилдерин аныктап, тактаары бышык.

Президенттин кайрылуусу

Өлкө мына ушундай саясий окуяларды башынан кечирип жаткан аптада президент Курманбек Бакиев калкка жана парламентке жылдык салттык кайрылуу менен чыкты. Бул кайрылууда президент биринчи жолу энергетика жана агрардык тармакта кризис бар экенин айтып, энергетикалык кризиске алып келген Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгы ар кандай шарттардан пайда болгонун моюндады. Буга чейин президент суунун азайышын жылдын кургакчыл келиши, кыштын суук болушу менен гана байланыштырып келген эле. Ал эми адистер жана көз карандысыз эксперттер 2006-2007-жылдарда Өзбекстанга 3 миллиард килловатт саатка жакын электр энергиясынын өтө арзан баада экспорттолушу, ошого жараша суунун берилиши азыркы кризиске кошул-ташыл болгонун айтып келет.
Президент кайрылуусунда чечүүнү талап кылган үч маселеге токтолду:

- Биз тышкы кыйынчылыктарга жана күтүүсүз пайда боло турган абалдарга татыктуу жооп берүүгө жөндөмдүү болушубуз керек. Экинчиден, биз энергетика жана айыл-чарбасындагы кризисттик көрүнүштөргө чекит коюуга тийишпиз. Үчүнчүдөн, келечекте биз өз экономикабыздын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга тийишпиз- деген Курманбек Бакиев, энергетика тармагын райондук деңгээлде менчиктештирүү, айыл чарбасында ири чарбаларды түзүү жолун сунуштады.

Оппозиция президенттин кайрылуусун сынга алып чыкты. Маселен, социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимов кайрылуунун мурунку кайрылуулардан эч кандай айырмасы жок экенин айтып чыкты:

- Бул кайрылуунун эч кандай таасири болбойт. Система өзгөрмөйүнчө, реалдуу саясат болмоюнча иш алдыга жылбайт. Бул жөнөкөй эле кайрылуу.

Ричард Баучер Кыргызстанда

Бул жумада АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ричард Баучер Кыргызстанда болуп, президент Курманбек Бакиев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Расмий маалыматтарга караганда, жолугушууда кыргыз-америка кызматташуусунун келечеги, регионалдык коопсуздук жана аны камсыздоодо кызматташуу маселелери талкууланды. Ричард Баучер Ооганстандагы кырдаал, антитеррордук күрөштүн жүрүшү тууралуу маалымат берген. Ошондой эле “Миң жылдыктын чакырыктары” программасын турмушка ашыруу багытында да маселе көтөрүлгөн.

Ричард Баучердин сапарынын мезгили жана максаты тууралуу саясат таануучу Орозбек Молдалиев мындай оюн ортого салды:

- Келгендин бир себеби - жакында эле Кыргызстанда беш ири саясий окуя болуп өттү. Ушундан кийин эмне өзгөрүүлөр болушу мүмкүн деп, көз салып, жеринен аныктап кетүү биринчи максат болуп жатат. Экинчиден, бизде бир жаман өнөкөт пайда болду да, ушундай иш чара, саясий окуялар алдында “Манастан” кеткиле деген кыймылдар башталат. Анан ушундай кырдаалдар пайда болуп жаткан чакта америкалыктар реакция кылып, келгени туура. Келип, пикир алмашып, Ооганстандагы абал боюнча кабардар кылып, маселелерди тактап, негизи коопсуздук маселелерди талкуулоо туура.

Талдоочулардын пикиринде, америкалыктарды Манастан чыгаруу талабы Москвадан Бишкекке өтө катуу коюлбай калды. Бул Москванын Вашингтон менен мамилесин ого бетер бузуп алуудан четтеп, антитеррордук күрөштө АКШны колдоону улантарын билдирүүсү менен байланыштуу.

Белгилүү болгондой Ооганстанда антитеррордук күрөштү жүргүзүүгө Бириккен Улуттар Уюму уруксатын берген. Аны БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү Россия колдогон. Ал эмес өз аймагынан НАТОнун учактарынын өтүүсүнө уруксат берген. Грузиядагы чатактан улам АКШ менен мамилеси кескин курчуп кеткенине карабай Россия Вашингтон жетектеген антитеррордук күрөшту колдоодон баш тарта элек. Мындай шартта “америкалык базаны чыгар деп” Кыргызстанга басым жасоо Москва үчүн ыңгайсыз экени түшүнүктүү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG