Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:10

Багдадда АКШ аскерлеринин Иракта кала беришине каршы нааразылык акциясы болду


Багдадда бүгүн шийи динаятчысы Муктада Ас-Садрдын жолдоочулары америкалык аскерлердин Иракта кала беришине каршы нааразылык акциясына чыгышты. Садр Ирак парламентине кайрылып, АКШ менен Ирак ортосунда түзүлгөн келишимди четке кагууга үндөдү. Сөз болгон келишимге ылайык, америкалык контингентке Иракта бери дегенде 3 жылга калууга уруксат берилет. Айрым кабарларга караганда, документте АКШ аскерлерин 2011-жылы чыгарып кетет деп жазылган. Андан тышкары америкалык жоокерлерди кызматынын жана базадан тышкары жасаган кылмыштары үчүн гана Ирактын мыйзамдарына ылайык соттосо болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG