Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:02

Өтүп бараткан апта коомдук-саясий чөйрөнүн эсинде жаңгак уюл чатагы менен кызматынан кеткен Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаровдун кайтып бийликке келиши менен калды. Анын ордун ээлеп турган мурдагы коргоо министри, генерал Исмаил Исаков азыркы бийликтин саясаты менен келише албастыгын коомчулукка жарыялап, өткөн апта этегинде кызматынан кетип калган. Кадрдык бул өзгөрүүнүн чоо-жайы тууралуу “Апта окуясынын” ушул чыгарылышында сөз болот.

Президент Курманбек Бакиев Адахан Мадумаровдун тажрыйбалуу жетекчи экендигин эске алып туруп Коопсуздук кеңешинин катчысы кылып дайындады. Мындай билдирүүнү президент күч орган жетекчилерине жаңы катчыны тааныштырып жатып жасады. Мадумаров азыркы президенттин тушунда вице-премьер-министр, мамлекеттик катчы, парламенттин төрагасы болуп иштеди. “Ак жол” партиясынын парламенттик шайлоодогу негизги сүрөөнчүлөрүнүн бири дал ушул Мадумаров экендиги, кийинчерээк сиңирген эмгегин баалап президент аны Жогорку Кеңешке төрагалыкка сунуш кылганы айтылып жүрөт. Бирок эки саясатчынын ортосунда жаңгак уюлу чатагында жик кетип, ал Мадумаровдун төрагалыктан кетиши менен аяктаган:

- Мага өкмөт тарабынан да, сот бийлиги тарабынан да бирдей сый-урмат менен мамиле жасаганды талап кылам. Бул - менин талабым эмес, Конституциянын талабы. Мага бирди айтып, эки-үч кишиге башкача айтып... бул саясат эч качан бизди жакшылыкка алып барбайт. Ошон үчүн мамлекеттин жетекчилиги деп айтат.

Төрагалыктан кетер алдындагы парламентте жасаган бул билдирүүсү саясий чөйрөдө президентке каяшка катары кабылданган. Атүгүл саясатчы ушул сентябрда депутаттык мандатын тапшырып, партиянын катарынан чыгуу оюн да ачыктаган эле:

- “Ак жол” партиясынын чечими менен биз тизме менен келгенде ушул-ушул иштерди аткарабыз, ушундай жолдор менен барабыз деп көптөгөн жоопкерчиликтерди алып алганбыз. Ошондуктан, ушул жол менен кете турган болсо деп мен жакын арада саясий кеңешине дагы катты жиберем, партиянын катанынан чыгарып коюу жөнүндө.

Ушундай маанайда чоң саясаттан четтеген Мадумаровдун бийликке кайтып келиши ириде эле радикалдуу оппозициянын сынына кабылды:

- Ал өзүнүн чынында ким экенин далилдеди. Кечээки сөзүн унутуп, бүгүнкү иш жүзүндө кылган иши башка. Дагы бир жолу бети ачылды. Мен ойлойм, Адахан бүгүнкү күндө улуттун, мамлекеттин эмес, өзүнүн гана тагдырын, өзүнүн гана келечегин ойлоп калган саясатчыга айланып калды, - деп сындады экс-төраганы Элдик революциялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров.

Анткен менен президент Бакиев Мадумаровду патриот деп, аскерий эмес болсо да мамлекет үчүн кызмат кыларына ишенет. Мындай ишенимди жарата албай койгондугун апта башындагы өзүнүн салттуу аппарат жыйынында президент генерал Исмаил Исаковдун дарегине айткан сөзүндө кыйыткан:

- Мунун себеби бир гана нерседе. Өзүңүздөр билесиздер, өткөн кеңешмеде мен ал кишини сындагам. Жумуштан кетирген кемчиликтери боюнча ачык-айкын ушу жерде айткам. “Исмаил Исакович мобу маселелерди караш керек, майда-чүйдө маселелер менен алек болуштун кереги жок” дегенге эле таарынып, мен муну ойлойм, жеке гана өзүнүн таарынычы бул. Жеке өзүнүн таарынычын мамлекеттик деңгээлге алып чыгып... Андайды мен күткөн эмес элем бу кишиден.

Исаковдун кызматтан кетишин президенттин уулу Максим кысым көрсөттү деп чуулгандуу жарыя менен өлкөдөн чыгып кеткен БШК төрайымы Клара Кабиловага байлагандар да аз болгон жери жок. Көшөгө артында Коопсуздук кеңешинин башчысы менен катчысынын ортосундагы мамилени ушул окуя суутту деген пикирлер да бар.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев мындай сөздөр бекеринен чыкпаса керек дейт:

- Гезиттерге чыгып кетти Кабилова кетердин астында Исмаил Исаковго кирип, өзүнүн арызынын көчүрмөсүн көргөзүп, ага таштап кеткен деп. Ошого байланыштуу мен ойлойм Кабилованын билдирүүсү менен мурдагүнкү чыккан билдирүүнүн ортосунда убакыт бир канча өтсө дагы экөөнүн ортосунда байланыш бар.

Бирок Исмаил Исаков кызматтан кетүү тууралуу президентке арызын мамлекеттин ички жана тышкы саясатына макул эместиги менен негиздеген:

- Эң негизгиси элдик революциянын алдында беш жыл күрөшүп жүрүп, андан кийин чоң аракеттерди жасап, элдин койгон талабын бүгүнкү бийлик аткара албай калгандыктан, мен өзүмдүн келишпестигимди билдирип, кеткенди чечтим. Себеп дегенде эгер биз ушул система менен кетсек элдин талабын, элдин турмушун жакшы заманга алып бара албай каларыбызга көзүм жеткен үчүн кетип атам.

Исаков кызматтан баш тартаар алдында “Жаңы Кыргызстан” партиясынын атынан саясатчылар Үсөн Сыдыков, Исмаил Исаков, Марат Кайыпов билдирүү таратышып, жергиликтүү кеңештерге шайлоону кескин сынга алып чыгышкан. “Жаңы Кыргызстан” коомчулукка Курманбек Бакиевди президент кылган март ыңкылабынын башында турган башкы партиялардын бири катары таанымал. Анын катарындагы президенттин эң жакын тилектештеринин анын саясатына каршы чыгып жатышы ар кандай жоромолдорду жаратууда.

Ириде президенттин айланасындагы эки топтун кармашынын туундусу деген көз караштар басымдуу:

- Бардыгы эле билет азыр президенттин айланасында эки күчтүү топ бар. Баары эле президентти колдойбуз деп ар нерсени көрсөтүп атат, - деген Жогорку Кеңештеги СДП фракциясынын мүчөсү Мурат Жураевдин оюнда, Мадумаровду президент өзүнүн жанындагы таасири күчөп бараткан бир топту экинчисине теңөө үчүн алып келди.

Ушундай эле көз карашты тутунган “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бегалы Наргозуевдин оюнда президенттин ишенимин экс-спикер актайт:

- Адахан Кимсанбаевичтин келишин Жогорку Кеңештеги коллегалар да биринчи бир аз таң калуу менен кабыл алышты. Бирок талкуулай келгенде бул киши бул кызматты аркалап кетет деп ишенип атышат. Адахан Мадумаров акыркы жыйырма жылда мамлекеттик кызматта бир топ тажрыйба топтоп алды деп ойлойм.

Ал эми “Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири Дүйшөн Чотонов Адахан Мадумаровдун келиши президенттин тегерегиндеги жагдайды жөнгө сала аларына ишенбейт:

- Президенттин тегерегинде күрөшүп жаткан эки күчтүн бирөөсүнө убактылуу дем бериши мүмкүн. Бирок чоң өзгөрүү жасап жибербейт. Адахандын барышы менимче, президент менен жеке сүйлөшүп, мындан башка дагы чоңураак кызматтар Адаханга убада берилиши мүмкүн. Кандайдыр бир топтун ошондой пландары болушу мүмкүн. Болбосо жөндөн жөн эле Адахан бара бербесе керек эле деп ойлойм.

Бир топ талдоочулар улам бир кадрды экинчисине алмаштыра берүүдөн президенттин чөйрөсүндөгү ыдыроону токтотуу мүмкүн эмес, атүгүл бул мамлекеттик саясатка олуттуу зак кетирчү көрүнүш деп жатышат. “Жаңы Кыргызстан” партиясынын президентке каршы чыгышы буга мисал катары каралууда.

Мындай пикирди колдобогон депутат Мурат Журев бийликке таарынычын элге жарыялап жаткан президенттин ыңкылапчы пикирдештеринин бири дагы оппозицияга чыгат деп ойлобойт:

- Мен Исаков кетерден үч-төрт күн мурда сүйлөшкөм. Пикири жакшы эле болчу. Бирок мен ойлоп атам, Исаковдун кетиши, президентке эң жакын министрлердин кетип атканы үчүн президент эмне үчүн мага берилген адамдар кетип атат деп ойлонушу керек. Балким аз убакыттан кийин кызмат берилет, себеби булар президентке өтө берилген адамдар деп ойлойм. Булар эч качан оппозицияга кетишпейт.

Бул аралыкта “Жаңы Кыргызстан” партиясы да, анын лидерлеринин бири генерал Исмаил Исаков да кайталап билдирүү жасаган жок. Мунун себебин саясатчы Дүйшөн Чотонов партия лидерлери алардын дагы бир тилектеши Мадумаров президенттин жанына кайтып баргандан кийин ара жолдо калып, бир пикирге келе албай жатышканы менен байланыштырды:

- “Жаңы Кыргызстандын” катчысы, генерал Исаковдун оозунан уккан сөз менен ошол эле партиянын мүчөсү Марат Кайыповдун Кайыповдун айткан сөзү же болбосо партиянын аткаруу комитетинин төрагасы Өмүртөрө Жангабыловдун берген интервьюсу ар бири ар башка чыгып атат. Бул - партиянын ичинде позициясы так аныктала электигин көрсөтүп жатат.

Анткен менен радикалдуу оппозицияга чыккандар президент Бакиевден башчылык кудурет кетти, айлана-тегерегиндегилерге ээ боло албай калды деген ишенимде. Жаңы түзүлгөн революциялык кыймыл буга үй-бүлөлүк башкаруу күнөөлүү деп, ага жол берген азыркы президентти кетирип, анын ордуна жаңы президент менен мамлекеттик жаңы саясатты баштагысы келип жатат. Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев, Эркин Бөлөкбаев, Рамазан Дырылдаев өңдүү ыңкылапчылар ушул аптада түзгөн жаңы кыймылдын президентти мөөнөтүнөн мурда кетирип, убактылуу өкмөт түзүп, парламенттик кайра шайлоо жана референдум өткөрүү тилеги бар.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Зайнидин Курманов президентке каршы жүргүзүлүп жаткан аракеттердин бардыгын бийликке жетүүнүн эле айла-амалдары дейт:

- Бул адамдарды сыйлайм, бирок алардын тактикасына түшүнбөйм. Элди бириктиребиз, жыргатабыз дегендин ордуна башкача тактикада болууда. Азыркы кыйын заманда. Мына эл аралык каржылык кризис болуп атат, кризис жалаң эле биз эмес, Россияда, Америкада, башка мамлекеттерде болуп атат. Алардыкы бизге таасир этип атат. Ушундайда элди биримдикке чакырып, өз мүмкүнчүлүктөрүн иш менен көрсөтүүнүн ордуна элди бөлүп, бийликти талашып атканга такыр кошулбайм.

Бул аралыкта мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров ал жетектеген революциялык кыймыл Курманбек Бакиев эмгек өргүүсүнөн келгенге чейин эч кандай аракеттерди жасабай тургандыгын билдирди. Президент 20-октябрдан баштап эмгек өргүүсүнө чыгып, Германияга дарыланууга кетет.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG