Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:26

18:20 Оштогу электр жылуулук борборуна 6 миң 743 тонна мазут жетишпейт


Ош шаарынын вице-мэри Мухитдин Мамасадыковдун айтымында, Ош электр жылуулук борборуна алдыдагы кышта 15 миң тонна мазут керектелет. Тилекке каршы, учурда анын 8 миң 257 тоннасы гана камдалды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 3 миң тоннага көп болгону менен, бирок суюк отунду ызгаар түшкүчө ташып алууда кашаңдык байкалууда. Оштук көз карандысыз экономист Эркин Абдыразаковдун пикиринче, Ош электр жылуулук борборуна керектүү мазутту азыр толуктап албаса, кышта кымбатташы күтүлөт. Анда кесепети шаар тургундарына да тийиши күтүлөт. Себеби тариф көтөрүлөт. Ошондуктан, кризистен чыгуунун атаандаш ыкмасын, мисалы, менчиктештирилип кеткен көмүр менен жылыткыч буу казандарды ишке кийирүү жолун бийлик азыр ойлонбосо, ызгаарда кеч болуп калат. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG