Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:59

Ырысбай Абдыраимов, Жалал-Абат Жалал-Абат облусундагы өзбектердин «Доор» аттуу жамааты менен «Жалал-Абат электро» ишканасы жана облустагы бир нече жаштар уюмдары 13-октябрда өз-өзүнчө маалымат жыйындарын уюштурушту. Алар «Жаңы Кыргызстан» партиясынын жакында болгон билдирүүлөрү менен оппозиция өкүлдөрүн «өлкөнү кайрадан будуң-чаңга айландырганы жатышат» деп сынга алышты.

Оппозиция күчөп, саясий акцияларды өткөрө турган болсо, өлкө Украина менен Грузиянын кейпин кийип калуусу ыктымал. Табият кырсыктары кайталанып, Алайдагы зилзалада жетимиштен ашык адам жер жазданып жатканда саясий стабилдүүлүк керек. «Доор» аттуу жамааттын башчысы Сабыржан ажы Мазаитов облустагы 250 миң өзбектин атынан ушундай маанайдагы маалымат жыйынын өткөрүүгө «Жаңы Кыргызстан» партиясынын өткөн аптадагы билдирүүсү түрткү болгонун билдирди.

Ал өз кезегинде партиянын түзүүчүсү Үсөн Сыдыковдун оппозицияга өткөнүн түшүнбөстүк катары баалап, Сыдыков өткөн кылымда Ош обкомунун 1-катчысы болуп турганда, Улуттук коопсуздук, ички иштер кызматтарынын кайрылууларын көңүлгө албай, кыргыз-өзбек маселесине жетиштүү көңүл бурбай, Өзгөн калабасына себепчи болгон» деп белгиледи:

- Президентибиздин аппаратында Акаевчилер көп топтолгон. Ошолорду алмаштыруу керек, жаңы саясат зарыл» деп чыгышты. Алардын билдирүүсүнүн негизги максаты – Кыргызстанды саясий тынч жолунан чыгарууга жасалган оппозициялык көрүнүш.

Аталган жамааттын өкүлү Рано Сатыбалдиева коңшу өлкөлөр Кыргызстандын экономикасына жардам берүүгө дилгир экендиктерин мисалга тартып, кызматтан кеткен саясатчылардын оппозицияга айланганына түшүнбөгөндүгүн айтты. Анын боолгошунча, оппозициялык саясатчылар эл үчүн иштебей, өлкөдө чыр-чатак гана чыгарууда. Оппозициядагылардын бири да чет өлкөдөн инвестиция тартып, бир ишкана куралган жок деди Рано Сатыбалдиева:

- Эл үчүн кызмат кылбай, жеке кызыкчылыгын ойлогон үчүн президент Марат Кайыповду жумуштан алып салды. Бул кишинин кызматтан кеткенден кийин элдин тынчтыгын бузганына биз аялдар нааразыбыз.

«Жалалабатэлектро» ишканасында «Жаңы Кыргызстан» партиясынын энергетика коопсуздугу боюнча билдирүүсү сынга алынды.

«Акжол» партиясынын жаштар комитетинин облустагы башчысы Майрамбек Адылбековдун пикиринде, учурда «Жаңы Кыргызстан» партиясы уюштураары күтүлгөндөй саясий акцияларды өткөрүүнүн убагы эмес. Анын ордуна табият кырсыгынан жабыр тарткандарга биргелешип көмөктөшүүнү ойлоо зарыл:

- Коомчулукка стабилдүүлүк керек болуп аткан маалда бизге улуу муун ошол эле Үсөн Сыдыков, Марат Кайыпов, Исмаил Исаков коомду дистабилдештирип, митинг, демокнстрацияларды өткөрүүнүң зарылчылыгы жок. Эртең бизге ак батасын берип, жол көрсөтүп, коомулукка үлгү боло турган аксакалдарыбыз коомчулукту бөлүп-жарбоосун суранат элек.

«Жаңы кылым» гезитинин маалымат жыйынына катышкан кабарчысы Анархан Жаңыбаеванын көз карашында, «Доор» жамаатынын Ү.Сыдыковду Ош окуясына байланыштырып, “интриган адам” деп мүнөздөгөнү кайсы бир күчтөрдүн мажбурлоо жолу менен жыйын өткөргөнү билинип калды. “Жаңы Кыргызстан” партиясынын билдирүүсү тууралуу элде толук түшүнүк жок. Партия жергиликтүү кеңеш шайлоосу туура эмес өтүп, ыңкылаптан берки элдин үмүтү акталбай, К.Бакиевди 2005-жылдагы март окуяларына катышкан адамдар эмес, аны кызматтан кетирүүнү каалагандар курчап алганын жар салган. Бийлик элдин сынынан туура жыйынтык чыгаруусу керек деди Анархан Жаңыбаева:

- Азыркы бийлик коомдо болуп аткан терс көрүнүштөрдү кайсы бир адамдарды лидерлерге байланыштырып, ошолорду жамандоо жолуна өтпөсө. Ошол айтылып аткан сындарды туура пайдаланып, ошондон Курманбек Салиевич туура чечим чыгарып, ошолордун коюп аткан талабында дагы, оппозициянын айтып аткан сөзүндө да бир чындык бар экен деп ойлоп, ошолор менен эсептеше турган мезгил келди. Аларды шыбап, элге жаман аттуу көрсөткөндөн бийлик эч качан упай топтобойт. Мындай жаман атоолорду токтотуш керек.

Бирок облус тургуну Санжар Камбаровдун боолгошунча да бийлик элден алыстоодо. Ал жетекчилерди келечек үчүн иштөөгө чакыруу менен президенттин айланасына жалган маалымат бергендер жана ооз көптүрүп чоң сүйлөгөн адамдар топтолгондугун билдирди.
XS
SM
MD
LG