Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:10

ЖУМУРТКАНЫ КАНТИП ЧОГУЛТУШАТ?


17-октябрда президент К.Бакиев парламентке, элге кайрылып, жалпы дүйнөнү каптаган каржы кризисинин кээри Кыргызстанга да келерин эскертип, аткаруу бийлигинен энергетика тармагындагы кыйла жылдан токтолбой келаткан уурдап-тоноочулукту тыюуну талап кылды. Кыргызстан экономикасы дүйнөлүк базардагы атаандаштыкка жарамдуу болушу керектигин айтты. “Азаттыктын” бүгүнкү “Бетме-бет” талкуусунун катышуучулары: парламент депутаты Бегаалы Наргозуев менен белгилүү публистчи, журналист Бакыт Орунбеков мына ушул теманын тегерегинде ой жүгүртүшөт.

- Бегаалы мырза, Кыргызстанда чын эле экономикалык өнүгүү болуп жатабы же ал “желсандардын эсебинен болуп жатат” деген пикирдин чындыгы барбы?

Бегаалы Наргозуев: - Бул кайрылууда биздин буга чейинки экономикалык өнүгүшүбүзгө талдоо жасалып, мындан ары кандай өнүгүшүбүз жөнүндө сөздөр айтылды. “Бизде экономикалык өсүш жок, ал көбүнчө жел сандар”, деген туура эмес. Президенттин кайрылуусунда экономикалык өсүштөр жөнүндө эч ким таналбай турган мисалдар келтирилди. Жыл сайын жалпы экономикалык өнүгүш 6% жогору болгонун айтсак, ал абстракттуу сан катары кабылданышы мүмкүн. Мына жыл сайын бюджеттин киреше жагы көбөйүп келатат. Ал 2004-жылы 18 миллиард сом болсо, 2006-жылы 24 миллиард, ал эми быйыл 2008-жылга 34 миллиард сомго пландаштырса жыл аягына чейин 44 миллиард сомго жетиши айтылууда. Муну эчким тана албайт. Мисалы, жол курууга, оңдоого жыл сайын 408 миллиондон ашуун акча мурда эч бөлүнбөптүр. Быйыл болсо ага 1 миллиард 200 миллион сом акча бөлүндү. Бул экономика өнүгүп жаткандан, бюджетке акча түшүп жаткандан ушундай болуп жатпайбы. Биз чек ара жанындагы жолдор боюнча өзүбүздүн көз карандысыздыгыбызды толук камсыз кылып койдук. Мен өзүм да түштүктү кыдырып келгенде көрдүм. Мурунку режимдин жолду асфальттоого кудурети жетчү эмес. Азыр айланма чаң жолдор асфальтталып жатат. Транспорт министрлиги жыл сайын 1000 чакырымдан жолду асфальттап, оңдойбуз деп ошону жасап жатат. Анан бажы төлөмдөрүнөн, салыктан түшчү акчалардын көлөмү аябай көбөйүп жатат. Коррупция бизде аябай күчөгөн. Азыр деле ал өз өктөмүн кое бере элек. Аны акырындап тыйып, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүп келатышат.

- Бакыт мырза, мына ушул экономикалык өсүштөр, жетишкендиктер биздин реалдуу турмушбузда көрүнүп жатабы? Айлык маяна деп жатабыз. Анын жанында асмандаган инфляция да туруп жатпайбы.


Бакыт Орунбеков: - Бул кайрылуу отчет сымал. Жылдан-жылга бюджеттин кирешеси көбөйүп жатат деп жатпайбы. 2004-жылы 18 миллиард сом болсо быйыл ал 40 миллираддын тегерегинде болору айтылууда. Эми карап көрөлү. 2004-жылы бир кило ундун баасы, бир литр майдын баасы канча эле? Азыр канча болду? Өкмөттүн бюджети көбөйүп жатканы менен ар бир үй-бүлөнүн кирешеси өстүбү же өскөн жокпу деген маанайда сөз болсо жакшы болмок. Айлык маяна, жөлөкпулдар тууралуу айтылганы менен анын натыйжасы кандай болуп жатканы тууралуу сөз жок. Ийгиликтер жөнүндө пафостуу сөздөр айтылат да реформалар жүрбөй жатканынан кандай кемчиликтер кетип жатканы жөнүндө сөз жок. Өкмөт эмне иштерди жасай албай жатканы тууралуy конкрет сынды мен бул жерден окуй алган жокмун. Маселен, менин айылдагы ата-энемдин кирешеси 2004-жылга караганда өсүштүн ордуна төмөндөп кетип баратат. Ал кездеги акчага эки мүшөк ун алса бүгүн ал акчага бир мүшөк унду араң алып калды. Ушул арифметикадан эле биздин экономикалык жагдайыбыз өсүп кеткен жери жок деп айтар элем.

- Бегаалы мырза, кайрылууда инфляциянын көтөрүлүп кетиши, аны кантип ооздуктоо жөнүндө жетиштүү сөз болбоптур. Антишке эмне себеп болду?

Бегаалы Наргозуев: - Бул кайрылууда эки нерсеге өзгөчө көңүл бурулду. Мурунку кайрылууда азык-түлүк, энергетикалык кризис жөнүндө көбүрөк айтылса, бул ирет дүйнөлүк каржылык кризиске басым жасалды. Биз ошого кандай туруштук бере алабыз? Ага туруштук берүүнүн кандай жолдорун иштеп чыгышыбыз абзел? Анан үчүнчү блок катары кыргыз экономикасынын атаандаштык деңгээлин жогору көтөрүү жайында сөз болду. Ушул эки маселе жаңы болду. Ал эми сиз айтып жаткан энергетикалык кризиске президент абдан кенен токтолду. Президент коррупция тууралуу күндөлүк турмушта кездешчү жагдайларга чейин токтолду. Бизде коррупция канчалык деңгээлге жеткенин жогорку кызматтагы кишинин моюнга алып айтып бериши дайым эле учурай турган көрүнүш эмес. Бизде экономикалык өнүгүш болбосо “Камбарата – 2” ГЭСин кантип курат элек? Сырттан инвестиция албай эле куруп жатпайбызбы. Биздин оппоненттер аны шайлоо учурундагы эле учурма кеп, шайлоо бүтөр менен ал курулуш токтой тургандыгын айтышчу. Мына шайлоо өткөндөн кийин деле курулуш жүрүп жатпайбы. Кечээ президент дүйнөлүк каржы кризисине байланыштуу сырттан инвестиция аз келерин ачык эле айтты. Ошон үчүн ички инвестицияны пайдаланууну күчөтүшүбүз керек.

- Коррупциясы күчтүү өлкөдө ички инвестициянын чыгышы кыйын го. Эми Бакыт мырза, Кыргызстанда экспортко караганда импорт көп. Айрым эсептөөлөр боюнча импорт көлөмү экспорттон үч эсе көп, башкача айтканда...

Бакыт Орунбеков: - Жеке баамымда, биз абдан ыкчам өнүгүп бараткан үч өлкөнүн – Орусия, Казакстан, Кытайдын жанында жашап жатпайбызбы. Ошондон биз экспортту импортко караганда күчөтүп иебиз, көбөйтүп иебиз дегенге мен ишенбейм. Анан биздин чыгарган продукцияларыбыздын атаандаштыкка туруштук берип ийиши да кыйла оор маселе. Чыгарчу продукциябыз электр энергиясы. Андан башка атаандаштыкка туруштук берчү татаал продукция чыгарышыбыз кыйын. Кайрылууда азык-түлүк, энергетика кризиси жөнүндө кеп болуптур. Бирок да бизде мына электр жарыгы өчүрүлүп жатат. Анын өчүрүлүш себеби катары сууну топтоо айтылып жатат. Андан өндүрүш канча зыян тартканы да айтылбай келатат. Мына быйыл кургакчыл жыл болду. Бизде дан, ун жетпейт. Бул ачык айтылышы керек эле. Жанагы желсандар ушундан улам кетип жатат. Суу аз болсо анан кайдагы былтыркыдан көп түшүм алабыз, деген шектенүү ушyндан келип чыгат да.

- Бегаалы мырза, азыркы бийлик кыйладан бери эле “бизге саясий туруктуулук керек, пикет, митинги жок тынчтык керек” деп келатат. Мына эми туруктуулук. Экономикадагы жагдайды сиз кандай баалайт элеңиз?


Бегаалы Наргозуев: - Энергетикадагы коррупция уурдоолордон болуп жатат. Официалдуу статистика боюнча 38% жок болуп жатканы менен иш жүзүндө ал 40 – 45% жетип жатат. Уурдоолор бөлүштүрүү компанияларынан чыгып жатат. Андан чыгуунун жолу - менчиктештирүү. Ал коррупцияны болтурбай коюш үчүн жасалат. Президент белгилегендей, жеке менчик коррупцияга жол бербейт. Мамлекет ээлигиндеги компанияда гана уурдап-тоноолор болот. Аны бийлик деле жашырбай айтып жатат. “Оoруну жашырсаң өлүм ашкере кылат”. Кечээ бизде экономика министри Акылбек Жапаров быйыл 830 миң тонна кызыл дан жыйналып алынганын айтып, бир жума бизди ишендирип отуруп кореялык “Агроорганик” деген фирмага 2,5 миң тонна буудайды экспортко чыгарууга уруксат алып кетти. Ошондо мен жанагы 830 миң тонна буудай жыйналганбы деп ишенип кеттим. А.Жапаров сандардын тактыгына “керт башым менен жооп берем” деди. Аны биз кайра-кайра жарга такадык. Ал “ашыгы менен дан жыйнап алдык, дан кризиси болбойт”, деди. Анан бир нерсе да, бизде оппозиция-бийлик өкүлдөрү экөө тең бүгүнкү болуп жаткан иштерди бир түстүү карашат. Сындайт же макташат. Турмуш деген көп түстүү го. Аны ошондой деңгээлде сүрөттөөгө үйрөнүшүбүз керек.

- Бакыт мырза, экономикада чын эле жылыш болгонун сезип жатасызбы?

Бакыт Орунбеков: - Аны айыл турмушунан, реалдуу турмуштун өзүнөн байкаш керек. Социологиялык сурамжылоо жүргүзүп, башка каражаттарды колдонуп элден сураш керек. Көз карандысыз ошондой кызмат аркылуy бийликтин азыркы саясаты элге жетип жатабы, анын натыйжасы кандай болуп жатканын иликтеп туруш керек. Бийликтин сөзүн уксаң баары эле жакшы. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу иш жүрүп жатканы айтылат. Отчеттордо иш жакшы. Мурдагы жылга салыштырмалуу өсүш 101% экени такай айтылат. Демек өсүш бар. Ал болбосо акимчиликте иштегендер кагуу же сөгүү угушат. Айыл өкмөттөрүндөгү досторуман, теңтуштарыман: “Жумуртканы кантип санайсыңар?” деп сурайм. Алар өсүш болбосо айыл өкмөтүндө иштебей каларын айтышат. Кечээки кайрылууда президент саясий туруктуулук, эл ынтымагы тууралуу айтабы деп күткөн элем. Ошол саясий турктуулукка шек туудуруп кое турган, ага көлөкө түшүрүп койчу окуялар болуп кетпедиби. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын кызматын таштап кетиши. Анын айланасында ар кыл имиш-имиш сөздөр чыгып жатат. Коопсуздук кеңеш катчысынын кызматынан баш тартышы. Ал киши президенттин ички-тышкы саясатына ичи чыкпаганын айтып кетти. Анан мына депутаттын уурдалып кетиши. Депутаттын баласынын уурдалып кетиши. Ушул суроолорго президент өзүнүн мамилесин билдире алган жок.


- Урматтуу мырзалар! Келип куруп берген маегиңиздер үчүн чоң ырахмат!
XS
SM
MD
LG