Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:58

Акыркы айда Кыргызстандын азык-түлүк базарларында сүт азыктарынын баасы 20-30 пайызга кымбаттады. Байкоочулардын пикиринде мындан сүт азыктарын кайра иштетүүчүлөр гана пайда көрбөсө, малчылардын көргөн кирешеси аз.

СҮТ АЗЫКТАРЫНЫН КЫМБАТТАШЫНАН КАРАПАЙЫМ ЭЛ ГАНА ЖАБЫРКООДО

Акыркы үч ай ичинде Кыргызстандагы азык-түлүк базарларындагы сүт азыктарынын баалары 20-30% кымбаттады. Ушул тапта Бишкектеги эң ири сүт заводу “Бишкек сүт” ишканасы чыгарган сүттүн 1 литринин баасы майлуулугуна жараша 35 сомдон жогору, айрандыкы 40 сомдон өйдө, ал эми каймак менен быштактын килограммы дээрлик 200 сомдон кымбат турат. Ал эми базарлардагы сүт азыктарынын баалары буларга салыштырмалуу бир топ арзан. Ош шаарында сүттүн 1 литри 15-20 сом, Ысык-Көлдө 10 сомдун айланасында, Бишкек шаарында болсо 20-25 сом турат. Ал эми айрандын баасы 25-30 сомдун тегерегинде турат. Каймактын баасы 150-180 сомдун, быштак 100-150 сом болууда.

Айрым байкоочулардын айтуусунда сүт азыктарынын бааларына дүйнөдөгү жалпы эле азык-түлүк бааларынын кескин өсүп жаткандыгы таасирин тийгизип жаткандыгын айтышат. Бирок ошол эле учурда баанын көтөрүлүүсүнөн сүттү кайра иштетүүчү ишканалар гана пайда таап, ал эми малчылардын көргөн кирешеси өтө аз болуп жаткандыгы тууралуу да айтылган пикирлер бар. Анткени чөп, тоют кымбат болуп жаткан убакта баккан малынан алган сүтүн арзан баага өткөргөн малчынын кирешеси аз, ал эми 1 литр сүттү 30-35 сомдон ала албаган карапайым шаардык тургундун айлык маянасы күн сайын бала-чакасына сүт, сүт азыктарын сатып берүүгө мүмкүнчүлүк бербейт.

Алсак, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы сүт кабыл алынуучу жайларында сүттүн 1 литри 7 сом. Райондун акими Курманбек Уржановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча райондун сүтү негизинен Токмоктогу сүт заводуна ташылып кетет. Ал эми райондогу “Ак-Терек” айыл өкмөтүнүн башчысы Кубатбек Абдырамановдун сөзү боюнча район суткасына 3 тонна сүт чогултуп берет:

-Тоң районунда тогуз айыл өкмөтү бар. Булардын баары чогулуп, Токмоктогу “Элимай” жеке ишканасына сүт өткөрөбүз. Өткөн жылдан бери биздин Ак-Терек айыл өкмөтүнүн Карагоо айлына атайын муздаткычтары менен сүт кабыл алуучу жай ачканбыз. Суткасына үч тоннага жакын сүт кабыл алабыз да, атайын транспорт менен Токмокко тартып кетишет. Азыр сүттү литрин 7-7,5 сомдон алып жатышат, -дейт Тоң районунун “Ак-Терек” айыл өкмөтүнүн башчысы Кубатбек Абдыраманов.

СҮТ –АДАМДЫН САЛАМАТТЫГЫ ҮЧҮН ӨТӨ ЗАРЫЛ АЗЫК

Сүт азыктары адамдын, өзгөчө жаш балдардын ден соолугуна өтө пайдалуу. Адистердин айтуусунда бул тууралуу кыргыз эли да эзелтен эле кабардар болуп, улуттук тамак-аштарынын рационуна сүт азыктарын көп кошкон. Бирок бүгүнкү баалар асмандап жаткан учурда сүт жана сүт азыктарын сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү азайып, аны менен бирге элдин ден соолугу да керектүү витаминдердин жетишсиздигинен улам, начарлоосу күчөшү ыктымал, деген тынчсыздануулар айтылууда.

Бишкектеги көп профилдүү “Камек” ар тараптуу дарылоо мекемесинин жетекчиси Эркин Маматовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча сүт азыктарынын адам организмине өзгөчө тийгизген таасирин ымыркайдын жаңы дүйнөгө келгенинен тартып, табияттын анын эненин эмчек сүтүнө ыңгайлаштырганынан байкоого болот:

-Сүт азыктары адамдын иммунитетин күчөтүп, түрдүү ооруларга туруктуулугун күчөтөт. Сүттөн жасалган тамактар адамдын ден соолугуна жагымдуу келип, диетикалык жактан пайдасы көп.

Ушундай эле тастыктоону Кочкор-Ата шаарчасындагы адам организмин калыбына келтирүү борборунун бөлүм башчы дарыгери Калима Садыкованын айтуусунда сүттө адамдын организмине зарыл болгон майлар, белоктор жана углеводдорду берет. Ошондуктан, сүт азыктарын ичип-жеген учурда адамдын организми керектүү заттар менен толукталып, дене сак болот.

Акыркы мезгилдерде күч алып бара жаткан кургак учук оорусунун алдын алуу үчүн да сүт азыктарынын орду чоң. Бишкектеги балдардын клиникалык ооруканасынын жетекчиси Талантбек Өмүрбековдун маалыматы боюнча өзгөчө жаш организмди коркунучтуу жугуштуу оорулардан сактоодо сүт азыктарынын мааниси өтө жогору:

-Кургак учук менен ооруган адамдын күнүмдүк тамагында сөзсүз түрдө сүт азыктары болушу зарыл. Анткени дарыгерлер берген дарыдан да организмдеги баалуу заттардын болушу, алар аркылуу күчтөнгөн иммунитеттин ооруга каршы күрөшү көбүрөөк оң таасирин берет.

СҮТТҮ КАЙРА ИШТЕТҮҮНҮ КҮЧӨТҮҮ АРАКЕТТЕРИ ЖҮРҮП ЖАТАТ

Жалпы Кыргызстан боюнча сүттү кайра иштетүүчү 20га чукул ишкана бар. Алар негизинен Ысык-Көл, Талас облустарында иштейт. Түштүк жактагы чоң сүт иштетүүчү ишканалар токтоп калган. Бирок өлкөнүн сүт азыктары базарын негизинен “Бишкек сүт”, “ЭльВест” жана “Диари сүт” биргелешкен ири ишканалар чыгарган азыктар камсыз кылат. Айыл, суу чарба министрлиги сүттү кайра иштетүүчү тармакты, аны менен бирге мал баккан малчылардын кирешесин арттыруу максатында бул багытта бир катар эл аралык уюмдар менен чогуу иштешүүнү көздөөдө. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин кайра иштетүү башкармалыгынын адиси Аскат Түмөнбаев айтып берди.

-Сүттүн сатылуу баасы арзан болуп, бирок кайра иштетилген соң 3-4 эселеп кымбатка сатылууда. Мындан сүттү өндүргөн малчылар да, сүт азыктарын сатып алып жаткан карапайым эл да жабыркоодо. Мындай болтурбоо үчүн ошол айыл жерлерине сүттү кайра иштетүүчү ишканаларды курууга болбойбу?

-Ооба ортодо сүттү элден машина менен алып, чогултуп, ишканаларга тапшырган адамдар бар. Бирок азыр айыл-айылдарга кабыл алуучу жайларды куруп атабыз. Алар сүт азыктарын кайра иштетүүчү заводдорго тикелей тиешелүү болот.

-Сүт азыктарынын баалары эмне себептен кымбаттап жатат?

-Буга бир жагынан сезон да таасирин берет. Жаз, жай айларында баалар арзандайт, анткени мал көк чөп жеп, сүттүүлүгү артылат. Күз, кыш айлары кайра көтөрүлөт. Мындан тышкары азыр күйүүчү май, электр энергиясынын кымбаттаганына байланыштуу баалар өсүп жатат.

-Сүт азыктары көбүнчө Казакстан менен Өзбекстанга кетип жатканы айтылууда. Биздин өзүбүздө айыл жерлеринде сүттү кайра иштетүүчү ишканаларды куруу тууралуу долбоорлор барбы?

-Сүт жана сүт азыктары бизден экспортко кетет, Орусияга жана Казакстанга. Бул малчылардын өздөрү үчүн да, сүт иштеткен ишканаларга жана өлкөнүн экономикасы үчүн пайдалуу. Ал эми элет жерлеринде сүт иштетүүчү ишканаларды ачуу боюнча бизге кайрылган адамдар көп. Биз алардын бизнес-пландары менен таанышып, эгер ылайыгы келсе эл аралык уюмдар, алардын долбоорлору аркылуу аны ишке ашыруусуна жардам беребиз. Азыр бизде түштүк жакта бир катар ушундай долбоорлор иштеп жатат.

СҮТ АЗЫКТАРЫН АЛУУ ҮЧҮН СҮТ БОЛУУГА ТИЙИШ

Айыл, суу чарба жанак кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча акыркы мезгилдерде Кыргызстанда сүттү көп берген малдын асыл тукумдуулугу азайып кетти. Адистердин айтуусунда ушул тапта уйлардын сүттүүлүгү жылына 1,5 миң килограммдан ашпай жатат. Мындай учурда уйлар сүттүүлүктөн чыкты деп эсептелип, этке төгүлчү, дешет алар. Айыл чарба адиси, профессор Андаш Кыдырмаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча 1990-жылдардын башында Чүйдөгү асыл тукум мал чарбаларында жылына 3,5 миң тоннага чейин сүт берген уйлар болгон. Азыр алардын ордун кайра толтуруу үчүн түрдүү илимий иштер жүрүп жатат, дейт окумуштуу. Ошондой эле айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Арстанбек Ногоев жакында Литвага болгон иш сапарында бул маселе боюнча бир катар келишимдерге жетишип келди. Министрдин айтуусунда сүттү көп берүүчү породадагы уйларды көбөйтүү үчүн Литвалык адистер Кыргызстанга филиал ачууга макул болушкан:

-Бул биз үчүн чоң пайда болот. Анткени жылына 4-5 миң кг сүт берүүчү уйларды сатып алуу кымбатка турат. Ал эми филиал болгон учурда алар өздөрү бул жакка апкелип, көбөйтүүгө кызыкдар болушат, -дейт айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Арстанбек Ногоев.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG